Депутат Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айтты

Надира Нарматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Медиахаб” коомдук фондунун кызматкери, журналист Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 15-июндагы жыйынында билдирүү кылып, журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтты.

“Мен коррупционер болсом ошол жерден (соттон) аныктап берсин. Мен Кудайдын, мыйзамдын алдында тазамын”.

Депутат иштеп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине, сөз эркиндигине кедергисин тийгизбей турганын кошумчалады.

Өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова тууралуу “Медиахабдын” видеосу 14-июнда Ютубдагы каналына чыккан.

Анда Асел Шамилова “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаганын айтат. Ошондой эле депутаттын бейнеси тууралуу кеп кылат.

“Медиахаб” коомдук фондунун жетекчиси Али Токтакунов Фейсбуктагы баракчасына фонд Надира Нарматова менен соттошууга даяр экенин жазды.

“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоорун Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык беделдүү уюмдар кыргыз бийлигин документти четке кагууга чакырып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Сот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болдуАлматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп таптыПарламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылдыЛукашенко: Согуштун башында Путин Крым боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болчуИманкулов Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш бергенин билдирди