5-июлга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу районунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 28…30° жылуу болот.