Өзбекстандагы президенттик шайлоого катышуу түшкө чейин 33% ашты

Президенттик шайлоодо добуш берип жаткан жаран.

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо добуш берген жарандардын көрсөткүчү түшкө чейин 33% ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

28-июндан 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү да болуп, ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышкан.

Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Шайлоодо оппозициядан талапкер жок. Ага катышууга аракет кылган Хидирназар Аллакуловдун “Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган.

8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

30-апрелде референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.

Дагы караңыз

АКШ Эван Гершковичти алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө"Бактылуу мүнөттөрдү тарткым келет"ИИМ оң рулдуу машиналар жол кырсыгына көп кабылып жатканын билдирди Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга барды