Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

АКШ Эван Гершковичти алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Вашингтон Орусияда камакта жаткан журналист Эван Гершковичти алмашуу үчүн Москва менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга таянып New York Times басылмасы жазды.

Маселе талкууланганын, азырынча анык чечим жоктугун белгилеген Салливан журналистти мекенине алып келүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ушул аптанын башында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва эки өлкөнүн ортосунда туткундарды алмаштыруу боюнча АКШ менен байланышта экенин, аны жар салуунун кажети жоктугун айткан.

Буга чейин Орусия алмашуулар сот өкүмү чыккандан кийин гана ишке ашышы мүмкүндүгүн билдирген. Соттун мөөнөтү азыр анык эмес.

The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершкович тыңчылыкка айыпталып, Орусиянын Екатеринбург шаарында быйыл мартта кармалган. Анын камактагы мөөнөтү 30-августка чейин узартылган.

The Wall Street Journal ага коюлган айыпты четке каккан. Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган. Кремль Гершкович "журналисттик ишмердүүлүккө жамынып тыңчылык менен алектенип жүргөнүн" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG