Кыргыз-өзбек чек арасы: демаркация боюнча биргелешкен комиссия жыйын курду

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жолугушуусу. Наманган. Өзбекстан. Июль, 2023

13-20-июль күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу топтору жолугушту.

Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жолугушууда чек араны демаркациялоо маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы айрым тилкелерди жеринен биргелешип изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Маалыматта сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайында өткөнү, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганы жазылган.

Эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан эле.

Жапаров бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Тажикстанда карызы бар 2600 адамдын сыртка чыгуусуна тыюу салынды "Менчик корголуп, укуктар сакталышы керек". Өкмөттүн алты айлык иши, ишкерлердин сунушу Динара Кутманова Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты Австралия Орусиянын 35 ишканасына санкция киргиздиКемпир-Абад иши: Сот сегиз кишини тергөө абагында калтырды