Аба ырайы: күн ысык болот

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет кабарлагандай, 27-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу райондордо -2…+3, күндүз 10…15° болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 36…38 болот.

Дагы караңыз

Талибдер сулуулук салондоруна тыюу салдыМамдума аскерлерди бир айдан кийин согушка жөнөтүүнү талкуулап жататЛейлекте аткезчилик менен эт ташыган Тажикстандын жараны кармалдыЛенин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди Орус паспортун быйыл тажикстандыктар көп алдыСадыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү