Италиянын Сенаты Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды

Ачарчылык апааты. Украинанын Харьков аймагы. Архивдик сүрөт.

Италиянын Сенаты 1932-33-жылдары болгон Голодоморду (элдин кырылышын алып келген ачарчылык апааттын) украин элине жасалган геноцид катары тааныган резолюция кабыл алды.

Документте "Иосиф Сталин жетектеген СССРдеги коммунисттик режим миллиондогон элдин ачарчылыктан кырылышына атайлап жол берген" деп жазылган.

Буга чейин мындай документти АКШ, Германия, Молдова, Румыния, Болгария, Франция, Ирландия жана Словения да кабыл алган. Украина парламенти өзү 2006-жылы Голодоморду геноцид деп тааныган.

Былтыр жыл аягында Европа парламенти ал окуяларды геноцид деп тааныган жана Орусиянын украин элине каршы азыркы кылмыштарын айыптаган.

Ачарчылык апааты советтик бийлик украиналык дыйкандардан камдалган азык-түлүгүн тартып алып, дан азыктарына байланышкан саясатын жүргүзгөндө келип чыккан. Натыйжада төрт миллион киши көз жумганы айтылат. Тарыхчылардын көбү бийлик советтик Украинада атайлап ачарчылык уюштурган деп санашат.

Москва 1930-жылдардагы окуяларды геноцид деп сыпаттоого каршы чыгып келет.

Дагы караңыз

Кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасайт Уран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады ӨКМ июнь айынан бери 55 киши сууга чөккөнүн билдирди