Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы башталды

Чуңкурчактагы "Кымыз" фестивалы.

Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда 5-августта “Кымызфест- 2023” фестивалы өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ар аймагынан келген кымыз жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси уюштурулган.

Жармаңкенинин алкагында улуттук оюндар болот жана ал концерттик программа менен коштолот.

Уюштуруучулардын маалымдашынча, фестиваль маданият аркылуу Кыргызстанга туристтерди, инвесторлорду кызыктыруу, сүт азыктарын өндүргөн ишкерлерди колдоо максатын көздөйт.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышууда.

Дагы караңыз

Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү куладыКерч кысыгы: Орусия дрон чабуулунда танкери жабыркаганын ырастадыКытай Жиддада Украинага байланыштуу жолугушууга катышат Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөтЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну сунуштады