Түркмөнстанда жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышты

Лебап районунда дүкөнгө бараткандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында 7-августта жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышты.

Калаа мэриясынын алдына чыккан адамдар, негизинен аялдар февралдан бери эң керектүү азык-түлүк, анын ичинде ун жана май тартыш болуп жатканын айтып, акимдин чыгып жооп беришин талап кылышты.

Өлкөдөгү катаал экономикалык кризис шартында көптөгөн үй-бүлөлөр мамлекеттик дүкөндөрдө субсидияланган баа менен сатылган товарларга көз каранды.

Аким чыкпай койгондо, митингчилдер жакынкы Аваз курортунда эс алып жаткан Сердар Бердымухамедовго бара турганын айтышканда, калаа жетекчилиги акциянын катышуучулары менен жолугууга аргасыз болду. Ал мамлекеттик дүкөндөрдө арзан баадагы нандын сатылышын камсыздоого жана жеке тармакта бааларды көзөмөлдөөгө убада берди.

Акимдин бул сөздөрүнөн кийин чогулгандар таркашты.

Борбор Азиядагы бул мамлекетте бир нече жылдан бери экономикалык кризис уланууда. Өлкөдө жумушсуздук жана кымбатчылык күч.

Дагы караңыз

УКМК Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтоттуБУУнун эксперттери Бакуну Лачын коридорун ачууга чакырыштыАКШнын жогорку даражадагы дипломаты Нигердеги козголоңчулар менен жолукту