Жеке менчик клиникаларга лицензия берүү шарттарын өзгөртүү сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт

Cаламаттык сактоо министрлиги жеке менчик клиникаларга жана дарыгерлерге лицензия берүүнүн жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин лицензия берүү секторунун башкы адиси Аман Осмонов билдирди.

Анын айтымында, мурда берилген лицензиянын мөөнөтү жок болсо, азыр ар бир үч же беш жылда аны жаңылап туруу жана иштеген дарегин так жазуу талабы коюлуп жатат.

"Азыр мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы кошулуп мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Анда берилген лицензиянын убактысы, иштеген дареги көрсөтүлөт. Азыр үч же беш жылда бир ала тургандай кылабыз. Лицензия алганда мекеменин дарегин көрсөтүү талабы мыйзамда жазылбай калган. Кээ бир ишкерлер мөөнөтү жок лицензияны бир дарекке алып алып, башка аймактарга чыгып иштеген учурлар катталып жатат".

“Азаттык” жеке менчик клиникадан пластикалык операция жасаткандан кийин каза болгон эки келин жана жабыркагандар боюнча макала даярдаган.

Дагы караңыз

"Операциядан кийин каза болду". Пластикалык хирургия курмандыктары

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндөгү сулуулук клиникаларын жана косметологиялык салондорду текшерип, бир катар санитардык талаптардын сакталбаганын жана мыйзам бузууларды аныктаган.

2022-жылы майда министрлик лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын, мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганын кабарлаган.

Дагы караңыз

Акыйкатчы "Ай Кьюнун" бүтүрүүчүлөрүнүн укугун сактоону талап кылдыБылтыр өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулдуНоокатта эки жаран тамак-аштан ууландыКемпир-Абад иши: ЖАМК ачкачылык жарыялагандардын абалы туруктуу экенин билдирди