Былтыр 25-ноябрда өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына чыккан маалыматта айтылат.
Бул жарлыктын чыгышына “Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.
Былтыр 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.
Элдик курутай жөнүндө мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Аны кароо учурунда Жогорку Кеңештеги сын-пикирлерден кийин долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.
Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын билдирген.
Бул мыйзамга Садыр Жапаров 24-июлда кол койгон.
Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз берген жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген, мыйзам кабыл алынып, курултай ошол жылдын аягына чейин чогулушу керек эле. Бирок мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапкан эмес.
2022-жылдын февраль айында президент мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Ага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев төрага болгон. Долбоор да талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Ошол жылдын ноябрындагы биринчи курултай президенттин жарлыгынын негизинде уюштурулган.
Оппозиция мыйзам кабыл алына электе президенттин жарлыгы менен курултай чакырылганын мыйзамсыз деп аташкан.