Кырызгидромет борбору билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.
Дагы караңыз
"Бүтүн Кыргызстан" Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушайтМадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз берилдиКөкүлов менен Иманалиевдин кайым айтышы парламентте талкууландыОрусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталды