Кыргызстанда ун азайып, нан кымбаттады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда нан, ундун баасы кескин көтөрүлдү. Соодагерлер Казакстандан ташылган ундун бир кабына 1000 сомго чейин кошулганы айтып жатышат. Өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, Казакстандан келчү ун темир жолдогу убактылуу тыгындан улам баасы көтөрүлүп кеткенин билдирүүдө.