Авазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алды

Авазбек Аманбеков.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков коло медал алды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргызстандык спортчу 56 кг салмак ченинде биринчи беттешинде непалдык атаандашын 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиланддын спортчусун да 2:0 менен жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда филиппиндик атаандашына утулуп калган. Бул ушу-саньда боюнча Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарындагы биринчи медал.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган. Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат.

Буга чейин дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медал тагынган. (BTo)

Дагы караңыз

Херсондо жарылуулар болгону кабарландыAmazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталуудаСелекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилдиТоолуу Карабактын жикчил бийлигинин лидери Варданян кармалдыКыргыз-казак чек арасы: "Ак-Тилекте" 90дон ашык фура өтө албай турат