Жаңы-Жердеги тополоңго байланыштуу дагы алты адам кармалды

Кармалген шектүүлөр.

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган калайман мушташ боюнча дагы алты адам кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-8-октябрда милиция кызматкерлери Жаңы-Жер, Восток жана Нижний-Восток айылдарында 11 үйгө тинтүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында уюлдук телефондор, курал-жарактар, баңгизат жана башка тыюу салынган буюмдар алынды. Табылган буюмдардын баары далил катары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул ишке байланыштуу буга чейин сегиз киши кармалган. Алардын баары тең Жаңы-Жер айылынын тургундары.

22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы адам каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы киши ооруканага түшкөн. Окуя боюнча 100дөн ашык адам суракка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Чүй облустук милициясы кылмыш ишинин алкагында Восток айылынын жанындагы талаадан Сайга-МК, 7,62 мм калибрдеги 10 ок, Васильевка айылынын жанындагы талаадан АК - 74 автоматы, 51 ок табылганын билдирген.

Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Көлбаевдин миллиард долларлык байлыгы, "кылмыштуу империясы" Якутиялык активист Казакстанда уурдалдыЕвробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 7 млн евро грант бөлдү Жакынкы Чыгыш: Израил Газаны толук курчоого алды