Ирандык студент, маркум Махса Амини жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылы Европарламенттин Сахаров сыйлыгына талапкер болгондорун “кыска тизмесине” кирди. Амини былтыр хижаб кийүү эрежесин бузган деген кине менен кармалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда ири нааразылык акциялары тутанган. Митинг, демонстрацияларда “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураандар жаңырган. Аминини жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылын сыйлыкка Европарламенттеги үч ири партия көрсөттү.
Калган талапкерлердин арасында никарагуалык укук коргоочулар жана аборт укугун коргогон үчүн аял бар.
Советтик физик жана диссидент Андрей Сахаровдун ысымы менен аталган “Ой жүрүгүртүү эркиндиги” үчүн сыйлык 1988-жылдан бери адам укуктарын коргоого чоң салым кошкон инсандар менен уюмдарга ыйгарылып келет.
Былтыр анын лауреаты Украина эли болгон.
“Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылынын түптөөчүсү, ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммади быйыл Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган. Активист 31 жылга кесилип, ушу тапта Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурат.
Дагы караңыз
"Авангард Стиль" курулуш компаниясынын жетекчиси камалдыКМШнын алкагында орус тили боюнча эл аралык уюм түзүлөтЕгипет Газа тилкесиндеги качкындарга коридор ачуудан баш тартты