Бишкекте жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматында, 20-октябрь күнү саат 13:35те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Кант жана Бишкек шаарларында 4 балл сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алматы шаарынан 176 чакырым аралыкта кыргыз-казак чек арасында очогундагы күчү 4,9 баллга жеткенин маалымдады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-октябрда 21:16да Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллды түзгөн жер титирөө болгонун маалымдаган. Ага ылайык, силкинүү Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында - 3 балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району, Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3 миң жер титирөө катталат, анын он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор беш чакырымдан 25 чакырымга чейинки тереңдикте орун алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Репрессияны изилдеген тарыхчылар "тилемчидей" абалда экени айтылдыСокулукта 13 жылдан бери бүтпөй турган мектептин маселеси парламентте көтөрүлдү Орусиянын армиясы Харьков облусун аткыладыСариев: Кытайдан чочулабай кызматташуу керекАсел: Менден кетсең, бетиңе кислота чачып, өлтүрөм дечү