Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон "Күн кармаган бала" спектакли Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Спектаклди кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон. ТҮРКСОЙдун фестивалы Азербайжанда 30-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт.
Спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган. Спектаклдин айрым бөлүгүнө байланыштуу көрүүчүлөр, фейсбук колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаралган. Министр Алтынбек Максүтов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берип, сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырган.
Талаш-талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинде энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда баланы ойногон актердун жылаңач денеси артынан кыска убакытка көрсөтүлгөн. Мындан улам талаш-талкуу чыккан. Спектакль тууралуу маселени парламенттин 4-октябрдагы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев көтөрүп, министрден түшүндүрмө талап кылган. (КЕ)
Дагы караңыз
Кызыл-Кыяда бир адамды атып кеткен киши шериги менен Тажикстандан кармалдыСокулукта колу-буту байланып, эстен танган өспүрүм кыздын окуясы иликтенип жататОрусияда кармалган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналистине расмий айып тагылдыКамчы Көлбаевдин ишине байланыштуу балбан Мурат Рамонов кармалды