Украина: Фронтто бир күндө 45тей кагылышуу болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Газада жүздөгөн карапайым палестин анклавдын түштүгүн көздөй жөө-жалаңдап качып жөнөдү. Израил армиясы шейшембинин кечинде Газа калаасынын борборуна жеткенин жарыялады. Тергөө абагындагы депутат Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку камоолорду 1938-жылдагы репрессияга салыштырды. Өкмөт мүчөсү Эдил Байсалов бул салыштырууну "жаңылыштык" деп сыпаттады. Ошто өз балдарын сабаган эне кармалды. Мунун алдында интернетте аял киши эки баланы уруп жатканы тартылган видео тасма тараган эле. Социалдык тармактарда аялдын жана балдардын абалына тынчсызданган пикирлер жазылууда.