Сот активист Ырыс Жекшеналиевди толук актады

Ырыс Жекшеналиев.

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алды. Мындай чечимди судья Мирбек Сатарбек уулу чыгарды.

16-ноябрдагы соттук отурумда прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Ырыс Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке кагып, соттон аны актоону суранган.

Ырыс Жекшеналиев былтыр августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. (BTo/MiK)

Дагы караңыз

Хайитхон Хусан кызы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште алтын алдыАлматы: Шинжаңда камалгандардын туугандары Кытай консулдугуна киргизилген жок Филиппиндеги жардыруу үчүн "ИМ" экстремисттик тобу жоопкерчилик алдыКыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы көбөйдү Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды ККМ маселесин парламентте талкуулоо сунушу колдоо тапты"Дарыгердин депозити" программасы кеңейтилүүдө