Бишкектеги ыш: Мэрияга кошумча укук берилет

Бишкек шаары. Архив

Министрлер кабинетинин 5-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарынын мэриясына 1-январдан тартып абаны таза кармоо үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү чечими кабыл алынды.

Пилоттук долбоорго ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия абаны таза кармоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү айрым ыйгарым укуктарга ээ болот. Эки жылдык мөөнөткө шаардагы транспортторго тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугу да бар.

Жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Ушул эле жыйында Министрлер кабинетинин алдында Климаттык каржылоо борборун ачуу чечими кабыл алынды.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, аталган борбор буга чейин аталган министрликке карап келген.

Чечим "эл аралык уюмдарда Кыргызстандын кызыкчылыгын талаптагыдай жеткирүү, инвестицияларды тартуу, климаттын өзгөрүү шартында өлкө экономикасынын түрдүү тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу максатында түзүлгөнү" жазылган.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирет.

Дагы караңыз

5-декабрь: Патент узартылды, 24 чакырым чек ара, “караларга” каршы мыйзам Салык кызматы иштен алынды деген 400дөй кызматкер тууралуу түшүндүрмө берди "Берекет Гранддын" соодагерлери патентти калтырууну талап кылуудаИзраилдин соккусунан Хан-Юнисте ондогон киши каза тапканы кабарланды