“Кристалл” заводун иштетүү үчүн инвесторлор бар экени айтылды

Абсаттар Сыргабаев.

7-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун кайра иштетүү үчүн инвесторлор бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 2023-жылдагы ишмердиги боюнча журналисттерге берген басма сөз жыйында айтты. Андан тышкары Таш-Көмүрдө Орусиялык инвесторлор көмүрдөн электр энергиясын өндүрүү үчүн жылуулук электр борборун куруп баштаганын кошумчалады.

“Кристалл” заводу кремний өндүрүүчү ишкана. 1996-жылы иштеп баштаган заводдо бир жылда 660 тонна кремний өндүрүү пландалган. 2010-жылы дээрлик иштебей калган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында “Кристалл” заводун криминал ээлеп алганын, ал мамлекетке алынганын айткан. (BTo/TB)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушталдыМилиция майыптыгы бар адамды сабап жаткан кишинин ишин карайтАКШ Украинага 175 млн долларлык жардам беретЧет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдөОшто чек арачы жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарланды