Жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан чет жакка жер которгондордун агымы уланууда. Ошол эле учурда башка өлкөдөгү жашоону көргөндөн кийин кайра мекенине кайткандар дагы бар.
"Америка киргенде эле буттан чалат экен"
Замир - Кыргызстанда таанымал тамада. Эллада маданияттын мыкты кызматкери, ырчы. Экөөнүн беш кызы бар. Үй-бүлөнүн Кошмо Штаттарга чыгып кеткенине эки жылдай болуп калды. Буга олуттуу себептер түрткү болгон.
“Кудайга шүгүр, бизде баары жакшы болчу. Эл арасында атыбыз чыгып, карым-катнаш күтүп дегендей. Тапканыбыз өзүбүзгө жетчү. Ошол маалда бизге жер которуу аябай эле оор болду. Америкага кетүүбүзгө кичүү кызыбыздын саламаттыгы түрткү болду. Тили чыкпай жаткандыктан, дарыгерлерге көрсөтө баштасак акыл-эсинин өнүгүшү кечигип жатканын айтып, ар кандай диагноздорду кое башташты. Сураштырсак, мындай өзгөчө балдарды чет жакта жакшы карап, дарылашат экен. Ошол себептен кызыбызды ойлоп жолго чыктык. Улуу үч кызыбыз Кыргызстанда калды. Эки кичүүсүн алып кеттик",- дейт Эллада Асылбекова.
Замир менен Эллада 2021-жылы досторунун жардамы менен Филадельфияга барышкан. Ал жактагы кыргызстандыктар чыгармачыл үй-бүлөнү кубануу менен тосуп алып, колунан келген жардамын аяган эмес. Батир, мектеп, бала бакча маселесин чечип алгандан кийин Замир калган журтташтардай эле кара жумушка кирген.
“Албетте, соңку жылдары микрофон кармап эле тойдо конокторду тейлеп жүргөн Замирге кайра кара жумуш менен алектенүү кыйын болду. Моралдык жактан кыйналды. Мен бардык жагынан даяр болуп баргам. Аялдар негизи чыдамдуурак болот эмеспи. Кийин ал жакта баары бирдей экенин, статус, кадыр-баркыңа эч ким карабай турганын түшүндүк. Америка киргенде эле буттан чалат экен. Андан ары туруп кетесиңби же жыгылып депрессия болуп жатып каласыңбы, баары өзүңдөн”,- деп сөзүн улады Эллада Асылбекова.
Көп өтпөй түгөйлөрдү ар кайсы штаттардагы журтташтар жакшылыктарына чакыра баштаган. Элладанын айтымында, кызынын саламаттыгы аз да болсо жакшырып, өзү менен тиешелүү адистер иштеп, депрессиядан чыгарган экен.
“Байкаганым, бул жакта бардык нерсе толуп-жайнап турса деле мекендештерибиздин көкүрөгүндө боштук бардай. Мен алардын көздөрүнөн байкайм, көбү суз, сезими жоктой болуп калат. Же сагыныч ошого жеткиреби?”,- деген Эллада азыр журтташтардын балдары үчүн атайын ачылган мектепте кыргыз тилин үйрөтөт.
"Кызым ооруп калганда ырдай да албай калгам. Кыйналып кеткем. Эми чыгармачылыгымды уланта беришим керек экенин түшүндүм. Буюрса, жаңы ырларды издеп жүргөн убагым. Баарын ырдан чыгаргым келет. Бакыт Шатенов, Исрадин Аманбаев, Канымжан Жаманбаева бул жакта. Кудай буюрса, жакын арада концерт берcекпи деген ниетибиз бар".
Америкадагы алгачкы кыйынчылык
Ал эми 26 жаштагы Бекжан Бакытбековдун (аты-жөнү өзгөртүлдү) үй-бүлөсү менен Кошмо Штаттарга көчүп барганына жарым жыл боло элек. Алар Мексика аркылуу мыйзамсыз жана эң кооптуу жол менен киришкен. Кызы үчтө, баласы жакында бирге чыкты. Мексика аркылуу келатканда баласы 5-6 айлык болчу.
“Негизи өзүм спортчумун. Көптөгөн таймаштарга, эл аралык мелдештерге катышкам. Азия чемпионатына баргам. Cоңку жылдары, өзгөчө үй-бүлөлүү болгондон кийин каражат жагынан аябай эле кыйналып калдым. Кыргызстанда, Москвада ар кандай жумуштарда иштедим. Жылыш болгон жок”.
Жалпысынан Бекжан жолго 18 миң доллардай короткон. Кайсы бир бөлүгүн өзү топтосо, калганын ар кимден карызга алган. Азыр ал үй-бүлөсү менен Огайо штатынын Цинциннати шаарына отурукташкан.
“Мексика аркылуу кире турган жол биз элестеткенден кыйын болду. Абдан кооптуу экенин түшүнгөндө кеч болуп калды. Бирөө бир нерсе кылып койсо деле эч ким билбей калчудай экен. Бул жактагы мекендештер колунан келишинче жардам беришти. Ошентсе да абдан кыйналат экенсиң. Жаңы келгенде документиң жок болсо батир менен машинени да ижарага алуу өтө оор экен. Жарым жылдан кийин документ алып, бир аз жеңилдей түштүк".
Бекжан башында “эмнеге келдим” деп өкүнүп, бирок үй-бүлөсү менен кайра кетип калуудан тартынган. Эми акырындап көнүп келатканын айтат. Ал эми Кыргызстандан жемкорлуктун айынан кеткенин белгилейт.
“Дипломум деле бар. Жакшы жерге кирип иштейин десең, "таанышым иштеп атты эле, күтүп тур" деп коет. Ишкерлик кылайын десең деле машакаты көп, ар кимге акча беришиң керек”
Азыр Бекжан тейлөө кызматында иштеп жатат. Эми чоң жүк ташуучу машине айдаганды үйрөнүүнү көздөп турат.
"Ырас эле кетиптирмин"
Азат Астаев 33 жашта. АКШга грин-карт утуп алып, үй-бүлөсү менен көчүп барганына бир жыл эки ай болду. Төрт жана эки жашар балдары бар.
“Эки жыл катары менен тапшырып, экинчи жолкусунда утуп алдык. Негизи мен өзүм көптөн бери Америкага кетким келип жүргөм. Ошондуктан утуп алганыбызда абдан сүйүндүм. Ал эми келинчегимдин көңүлү бир аз чапкан жок”.
Астаев соңку 10-12 жылдан бери Кыргызстанда ишкерлик менен алектенчү.
"Кыргызстанда тилекке каршы позитивдүү деле жылыш жок. Зордук-зомбулук, кылмыштын ар кандай түрлөрү бар", - деген Азат Кыргызстанда ишкерлерге басым болорун айтып, андай учурларды көргөндө өлкөдөн кеткенинен өкүнбөй турганын кошумчалады.
Кыргызстанга кайткандар
Гүлайым Мурзаева мурдагы теле алып баруучу, белгилүү блогер. Анын Ютубдагы каналына 117 миң киши катталган. Гүлайым видеоблогерликти үй-бүлөсү менен грин-карт утуп алып, Америкага көчүп кеткенден кийин баштаган. Бир нече ай мурда ал балдары менен Кыргызстанга кайтып келди.
"Алыста жүргөндө бардык шарттар болгонуна карабай көөдөндөгү туулган жерге болгон кусалык, эңсөө күчөйт экен. Башында абдан "Америка мен үчүн" деп шайдоот жүрдүм. Үч жылдан кийин туулган жерге, ата-энеме болгон сагыныч күч алды. Үч жылдан кийин келгенде апамдын бетинде бырыштары көбөйүп, бир аз эңкейип баса баштаптыр. Ошол нерселерди көргөндө быйыл бул жакта жашап көрөлү деп чечтик", - дейт Гүлайым.
Ал өзүнүн видеоблогордун даярдап жүргөндө Америкадагы ондогон мекендеш менен жолугуп, баарлашып турчу.
"Бул жактан өмүр бою чогултканын сатып, кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачып туруп кеткенден кийин “ушул үчүн эле келдикпи, мен кара жумуш жасап каламбы, Кыргызстандан мынча адамды башкарып иштечүмүн" дегендерди өтө көп көрдүм. Ал эми Мексика аркылуу баргандардын алгач жумушка уруксаты жок болгондуктан, эч нерсе кыла алышпайт. Алар абдан өкүнүшөт",- дейт Гүлайым.
"Энергиямды Кыргызстанга жумшайын дегем"
Канжар Алдашов 2015-жылдан тартып Германияда окуп, кийин билим берүү тармагында эмгектенген.
"Сөзсүз мекенге кайтам деген ой бар болчу. Бирок коронавирус пандемиясы бул ойду тездетип жиберди. Анан эртерээк барып, энергияны Кыргызстанга коротолу деп чечтик. Германия бизди алып калганга кызыкдар болчу. Анткени алар окутту, тарбиялады".
Дагы караңыз
"Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет"Канжар 2021-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп барган.
"Баарын жыйыштырып, бул жакка баса бердик. Оор болорун, баарын нөлдөн баштарыбызды билгенбиз. Бул жакта эч ким эч нерсе бербейт. Долбоорлорду, сунуштарды жазып келатабыз. Биз тажрыйбылуу болуп келдик, биздин энергияны колдонот деп ойлогонбуз да. Бирок кучак жайып тосуп алган киши жок. Азыр бийлик, өкмөт чет жактагы журтташтарды "келгиле, жумуш орундарын түзүп беребиз" деп чакырып жатпайбы. Иш жүзүндө андай эмес. Кээ бир мекендештер келип, ар кайсы жактан жумуш издеп, болбогондон кийин кайра кетип калып жатат".