Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

"Мекендештер-2023": Мигрант кантип инвестор болот?


"Мекендештер-2023" форуму, Бишкек, 14-ноябрь, 2023-жыл.
"Мекендештер-2023" форуму, Бишкек, 14-ноябрь, 2023-жыл.

Бишкекке чогулган мекендештер сыртта жүргөн журтташтар Кыргызстанга салган капиталды кантип өлкөнү өнүктүрүүгө багытуу түрдө жумшай алабыз деген маселени талкуулашты.

"Мамлекеттен кепилдик керек"

“Бир кезде Казанга келип, тигүү фабрикасын ачкан таанышым бар. Ал жакында эле ошол фабрикасын Өзбекстанга көчүрүп барды. Бул жакка келерде ошол досумдан сурадым. "Сен фабрикаңды кыргыз болуп туруп эмне үчүн Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда ачтың?” десем, бул жакта кепилдик жок, ким кепилдик берет деп айтты. Себеби саясий туруктуулук болмоюнча экономика эч качан өспөйт. Өзбекстанда эч ким сенин тынчыңды албайт дейт. Мамлекеттик органдар келип, эч ким мыйзамсыз акча талап кылып же кысым көрсөтсө, президенттин түз линиясы бар, ошол жакка кабарлайбыз деп айтты”, - деди форумга Казан шаарынан келген мекендештердин бири Закир Сариев.

Эки жылда бир өтүүчү форумдун катышуучулары Кыргызстанда инвестиция үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөрүнө жана коопсуздукка толук кепилдик болот деген ишеним жоктугун айтышты.

Жанара Мыйтанова
Жанара Мыйтанова

“Биринчиден, коопсуздук жагынан кепилдик берип, баары ордуна түштү, туруктуу иштейсиңер десе, биз да Кыргызстанга капитал салууга эч кам санабай чакырык жасайт элек. Азыркы абалда инвестор тартуудан коркуп турабыз, эртең эмне болорун билбейбиз”, - деди Бириккен Араб Эмираттарында жашаган ишкер Жанара Мыйтанова.

Мигранттын акчасы кайда...

Форумда кыргыз өкмөтү мигранттарды "негизги инвестор" деп айтып жүргөнү менен, алардын капиталын Кыргызстанга тартуу жөнүндө конкреттүү планы жок экени да айтылды.

Түркиядан келген ишкер Айбек Сарыгул мунун айынан чет өлкөдөн которулган акча той-аштарга, максатсыз иштерге жумшалып жатканын белгиледи:

Айбек Сарыгул
Айбек Сарыгул

“Миграция министрлиги өлкөнүн тышкы да, ички да миграциясына жооптуу болуп калган. Биз мигранттардын маселесин караган мамлекеттик мекеме президенттин алдында болушу керектигин сунуштап келгенбиз. Мигранттар эмне үчүн өлкөгө аз акча салып калышты? Анткени алардын салган акчасы ысырап болуп, тойго, хан сарайга же башка максатсыз иштерге короп жатат. Ушулардан жадаган мекендештер иштеп жүргөн өлкөлөрүндө фирма ачып, акчасын ошол жакка салып жатат. Бул жерде туура саясат жүрбөй, институттук жол болбогону үчүн акча үй-бүлөлүк эсептерге салынып, ал ысырап болуп жатпайбы. Муну азыр жөнгө салып, мигранттардын акчасын өлкөсүнө сала тургандай шарт түзүлбөсө, алардын капиталы башка өлкөдө калып кетүү коркунучу бар. Өкмөт 1+1 деген долбоорду ишке ашырса болот”.

Айбек Сарыгул айткан 1+1 деген долбоордо мигрант Кыргызстанда бизнес баштайм деп 1 миллион сом салса, ага мамлекет да ошончо суммадагы акчаны кошот. Мындай системаны ишке киргизүүнү 2019-жылы мигранттар сунуштап, Экономика министрлиги иштеп чыкмай болгон. Андан кийин долбоор тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Америкадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Бакай Оморов мигранттар Кыргызстанга капитал салбай жатканын өлкөдө социалдык шарттын жоктугу менен байланыштырат:

Бакай Оморов
Бакай Оморов

“Мамлекет мигранттар акча сала берет деп отуруп калган. Эми капиталдын көлөмү азайып жатат. Анткени кыргыздар барып отурукташып, эми үй-жай алып, ошол жакка жайгашып жатышат. Кыргызстанга сала турган акчаны ошол жакка сала баштады. Бул жакта мигранттар үчүн жеткиликтүү турак жай же башка ыңгайлуу программалар иштебейт. Бул мигрант үчүн аябай маанилүү”.

Украинада согуш башталгандан бери өкмөттүн дарегине өлкөдө жумуш орундарын түзүү, Орусиядан башка мамлекеттерге да миграциялык багыттарды ачуу талаптары коюла баштаган.

Кыргыз өкмөтүнүн убадасы

Өкмөт мекендештерди Кыргызстанга салынган инвестициянын, капиталдын коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданып кереги жок деп ишендирет.

Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов бул жаатта бир топ чечимдер кабыл алынганын айтты.

Нурадил Баясов
Нурадил Баясов

“Мигранттардын агымынын башталганына 30 жылдын жүзү болуп калды. Ал жакта жүргөн мекендештерибиз ар кайсы тармакта тажрыйба алып, таасирдүү күчкө ээ болуп калышты. Азыркы учурда өлкөнүн бир катар тармактарына инвестиция салып, колдоо көрсөтүп жатканына күбө болуудабыз. Биз мекендештерди Кыргызстанга инвестиция салууга ар кайсы аянтчаларда чакырып, айтып келебиз. Акыркы эки жылда инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча президенттин жарлыктары чыкты, улуттук агенттик түзүлдү. Мунун баарын инвестицияны коргоо аракети катары кабыл алса болот”, - деди Баясов.

Форумга катышкан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев учурда Кыргызстанда 60 миң жумуш орду бардыгын, алдыда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн да жумушчулар керек экенин айтты:

“Ар бир өлкө өнүгүү алдында ушундай процесстен өткөн. Оор мезгилде

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

жаштар келечегин издеп чет өлкөгө кетсе, бир кезде тажрыйба алып, мекенине кайтат. Азыр коомчулукта да бул маселе көтөрүлүп жатпайбы. Биз бир катар өлкөлөрдө жумуш орундарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүп, келишим түзүп жатабыз”, - деди министр.

Мигранттар салган миллиарддар

Мигранттар Кыргызстанга которгон акча жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашып, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 1/3 барабар.

2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам мигранттардын которгон акчасынын көлөмү кыйла азайып кеткен. 2021-жылдан баштап кайра өсүп, 2022-жылы 3 млрд долларга чукул сумма менен рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

2023-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын чет өлкөдөн акча которуулары 31,6% аз болду. Бул былтыркы жети айлык көрсөткүчкө караганда 510,8 млн долларга аз дегенди билдирет. Чет өлкөдөн түшкөн акчанын 90% ашуунун Орусиядагы мигранттар менен мекендештер которот.

Бирок чет жактан, анын ичинде Орусиядан Кыргызстанга жеке акча которуулар барган сайын азайып жатканын Улуттук банктын маалыматтары да ырастайт.

Алсак, 2023-жылдын январь-июль айларында чет өлкөдөн Кыргызстанга 1 млрд 107,3 млн долларды жеке адамдар которгон. Бул мурдагы жылдын жети айына салыштырмалуу жарым миллиарддан ашуун долларга аз.

Статистикалык маалыматтарга карасак, Орусиядан жөнөтүлгөн жеке которуулардын суммасы 2022-жылдын октябрынан бери тынымсыз азайып келет. Июль айын эле алсак, быйыл 145,9 млн доллар которулган, бул былтыркыдан 17,9 млн долларга аз.

Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук Банктын маалыматында башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1,7 млн доллар каражат которулганы жазылган.

Орусиядан которулган жеке акча которуулар негизинен эмгек мигранттары менен соодада иштегендердин каражаты болуп саналат.

Эксперттер 2022-жылдын башында Орусия Украинага басып киргенден кийинки Батыштын катаал санкциялары кыргыз мигранттарына олуттуу таасирин тийгизгенин белгилейт. Муну менен катар, орус рублинин куну июнь айынан бери төмөндөп, учурда сомго наркы 97 тыйындын тегерегинде болуп калды.

Финансы жаатындагы талдоочу Арсланбек Кененбаев акча которуулардын азайышын негизинен орус рублинин куну түшүп кеткени менен түшүндүрөт. Албетте, ага башка дагы жагдайлардын таасири бар.

“Салыштырып карасак, сом менен рублдин куну башка. Орусияда айлыктын сомго карата көлөмү азайып кеткенинен улам айрым мигранттарыбыз кайтып жатса керек. Согуштан улам да болуп жатат. Биздин мекендештердин көбүнүн орус паспорту бар. Алар мобилизациядан коркуп, бул жакка кайтып келүүдө. Ошондуктан бул жерде валюталык кризис, мобилизация жана айлыктын көлөмүнүн азайышы сыяктуу факторлор бар”.

Айрым эксперттер 2022-жылдагы өсүшкө Орусияга салынган санкциялардан улам Кыргызстан аркылуу сатылган товарлардын көбөйүшү түрткү берди деп эсептейт.

Экономист Элдар Абакировдун талдоосунда, Кыргызстанга которулган каражаттын өйдө-ылдый болуп жатышына Орусиядагы экономикалык каатчылыктын түз таасири тийип жатат:

“Бул жерде биздин кийим тигүү тармагын айтсак, мен талдаганда Орусияга Zara өңдүү бир топ брендден 5-6 млрд долларга кийим-кече келчү экен. Санкциянын айынан Орусияга бир топ товарлар барбай калды. Кытайдан биз аркылуу барып калды. Анан Кыргызстандын тиккен кийимдеринин көлөмү да беш эседен көпкө өстү. Ошол акча которуулардын арасында, албетте, биздин кийим тигүү тармагынын акчасы да бар. Орусиянын өзүндө дагы көптөгөн жумуш орундарда мобилизациядан качкан орустардын орду бошоду окшойт. Алардын ордуна биздин мигранттар иштеп калышты. Ушинтип, бир жылда жалпысынан көлөм өстү. Бирок Орусиянын экономикасы бир аз оорлошуп, рубль түшүп кеткенде таасирин эми сезип атабыз”.

Кыргызстандын 7 миллион калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенип, теңинен көбү орус паспортун алган.

XS
SM
MD
LG