Виталий Люкс: Курама команда чакырса азыр деле бармакмын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-январда Катарда футбол боюнча Азия чемпионаты башталды. Кыргызстандын курама командасы экинчи жолу Азия Кубогу үчүн ат салышканы турат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогуна чыгып, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң жетишкендик болгон. “Азаттык” ошол оюндарда кураманын чабуулчусу катары жылдызы жанып, күйөрмандардын назарына түшкөн Виталий Люкс менен маектешти.