Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Азия Кубогу: Кыргызстан Сауд Арабиясы менен беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 20-январда оюн алдындагы машыгуусун өткөрдү.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 20-январда оюн алдындагы машыгуусун өткөрдү.

21-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталат.  

Кыргызстан Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда F тайпасында Тайланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен ойноп жатат. 16-январдагы биринчи беттеште Кыргызстан Тайланд курамасына 0:2 эсебинде жеңилди.

Ошол эле күнү катарлаш беттеште Сауд Арабиясы Оман курамасын 2:1 эсеби менен уткан. Учурда тайпада Сауд Арабия менен Тайланд үчтөн упайы менен биринчи, экинчи орундарды ээлеп турушат.

Кыргыз футболчулары 20-январда Доха шаарындагы оюн алдындагы машыгуусун өткөрдү. Мунун алдында Кыргызстандын футбол бонча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Сауд Арабия менен болчу оюнда коргонууга көңүл бурарын айтты.

Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

"Сауд Арабиянын курамасы Азиядагы алдыңкы команданын бири. Алар муну дүйнө чемпионатында көрсөтө алышты. Биз өтө күчтүү курама менен беттешебиз. Ооба, биринчи беттеште жеңилдик. Бирок азырынча биз бул жердебиз жана тайпадан чыгуу үчүн күрөштү улантып жатабыз. Биз Сауд Арабиянын Оман курама командасы менен болгон оюнун талдап көрдүк. Сауд Арабия беттеште үстөмдүк кылып, түрдүү чабуулдарды колдонгонду жакшы көрөт. Мындан улам биз коргонууга жакшы көңүл бурушубуз зарыл. Ошол эле учурда чабуулсуз жеңишке жете албайбыз. Андыктан алдыдагы оюнда тең салмактуулукту сакташыбыз керек. Жеңебиз деп ишеничтүү айта албайбыз. Бирок, жеңишке жетерибизге баарыбыз ишенишибиз керек. Анткени бул мелдеште айрым курамалар өтө күчтүү команданы деле утууга мүмкүн экенин көрсөтүп жатышат", - деди Штефан Таркович.

Андан сырткары башкы машыктыруучу Тайланд менен болгон оюнду тыкыр талдап чыкканын, кемчиликтердин үстүндө иштеп жатканын айтты.

Манчининин ызасы

Кыргызстандын үч атаандашынын ичинен эң күчтүүсү - Сауд Арабиясы. Учурда курама команда FIFA рейтингинде 56-орунда турат. Бул команданы өткөн жылдын август айынан бери италиялык Роберто Манчини машыктырууда. Ал 2020-жылы Италия менен Европа чемпиондугун багындырган.

Манчини Кыргызстан менен оюн жеңил болбойт деген ойдо:

Роберто Манчини.
Роберто Манчини.

"Машыктыруучу катары көп жылдык тажрыйбама таянып айтсам, эч качан оңой беттештер болбойт. Айрыкча мындай беделдүү мелдештерде... Оюн маалында кырдаал бат эле өзгөрүп кетет. Андыктан көзөмөлдү такыр жоготпош керек. Жапония менен Ирак курамасынын беттешинде Иракты эч ким утат деп ойлогон эмес. Бирок алар Жапонияны утуп алышты. Албетте, Оманды уттук, бирок биз эртеңки оюнга даяр болушубуз керек. Эртең биз үчүн оор беттеш болот", - деди Роберто Манчини.

Бул чемпионатта Сауд Арабиясы курамасынын үч мыкты оюнчусу келген эмес. Алар - учурда Криштиану Роналду ойноп жаткан "Ан-Наср" клубунун дарбазачысы Наваф Аль-Акиди менен Халид Аль-Ганнам. Алар башкы машыктыруучу Манчиниге аларды башкы курам менен оюнга чыгарса гана мелдешке барарын айтышкан. Ал эми «Аль-Хиляль» клубунун оюнчусу Сальман Аль-Фариж Азия Кубогуна даярдыктын алкагында жолдоштук беттештерден баш тарткан.

Сауд Арабиясынын командасы
Сауд Арабиясынын командасы

Сауд Арабиясы курамасынын футболчусу Ахмед Алкассар оюнчуларды курамага алууну бир гана башкы машыктыруучу чечкенин айтты:

"Биз дүйнө чемпионатында ойногобуз. Ар бирибиз үчүн улуттук кураманын формасын кийүү сыймык деп ойлойм. Оюнчуларды курамага тандоодо бир гана башкы машыктыруучу өзү чечим чыгарган. Ал мыкты даярдыктагы стили жана оюну жагынан төп келген футболчуларды таңдады. Курамга кирбей калган оюнчулар кийин дагы командага чакырылат деп ойлойм. Албетте, бул чечимди машыктыруучу чыгарат. Айрым оюнчулар жаракатына жана оюн стилине байланыштуу бул мелдеште бизге жардам бере алган жок. Мен үчүн жана менин башка командалаштарым үчүн улуттук курамада ойноо сыймык, - деди ал.

Жогорудагы аты аталган оюнчулардын Азия Кубогуна келбей калганы курама үчүн чоң жоготуу болду дейт сауд арабиялык спорт журналист Саад Субаи:

"Үч футболчунун келбей калганы курама үчүн жоготуу. Бирок ал футболчуларсыз деле биздин кураманын Азия Кубогун титулун утууга дарамети жетет. Биз буга ишенип турабыз. Кыргызстан менен оюн оңой болбойт. Мындай мелдеште оңой беттеш жок. Анын үстүнө Кыргызстан жалаң жаш футболчулар менен келиптир. Аларда тажрыйба аз болгону менен күчкө толуп турган кези, - деди ал.

21-январда командалар оюн алдындагы машыгууларын өткөрдү. Бул Азия Кубогунун эң жаш оюнчусу аталган Бекназ Алмазбеков машыгуу алдында кыскача маек куруп, алдыдагы оюн тууралуу мындай деди:

Бекназ Алмазбеков
Бекназ Алмазбеков

"Сауд Арабиясы Азия чемпионатындагы фавориттердин бири. Алар өздөрүнүн жергиликтүү лигаларын, чемпионатын акча салып күчтөп жатат. Бирок бул футбол. Оюнда баары болот. Ар бир команда менен ойной алсак болот. Эң башкысы коркпой ойношубуз керек. Биз бул жерде жалпы кыргыз эли үчүн ойноп жатабыз. Андыктан тайманбай ойношубуз керек",- деди Бекназ Алмазбеков.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров кезектеги бул беттешке да катышпай турганы белгилүү болду. Азия кубогунун алдында БАЭ курамасына каршы контролук беттеште жаракат алган Шүкүров, мелдеш алдында сакайып калса тизмеге кошулары буга чейин кабарланган.

Азия Кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстандын учурда тайпада чыгууга мүмкүнчүлүгү сакталууда. Ал үчүн курама сөзсүз бир атаандашын жеңиши зарыл.

Азия Кубогундагы жаңылыктар

Спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын фаворити катары Жапонияны, Түштүк Корея жана Австралияны айтып жатышканы менен айрым күчтүү курамалар тайпалык оюндарда жеңилүүдө.

Бул мелдеште Ирак курамасы Жапонияны 2:1 эсебинде утуп, сенсация жаратса, Иордания Түштүк Корея менен 2:2 эсеби менен тең ойноду. Бул оюнда Иордания жеңип жаткан, Түштүк Корея оюндун акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңеди.

Учурда Катар, Иран, Ирак жана Австралия курамасы тайпада эки беттеште тең жеңип, алты упай менен мөөнөтүнөн мурда кийинки баскычка жолдомо алышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG