Тажикстанда селдин кесепетинен ондогон адамдар эвакуацияланды

Тажикстан.

21-мартта Тажикстандын бир катар аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, жер көчкү түштү. "Азаттыктын" тажик кызматы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетине шилтеме жасап, республиканын сел коркунучу бар аймактарына эл малы менен эвакуацияланганын жазды. Маалыматка караганда, сел, жер көчкү жана таш кулоонун кесепетинен жабыркагандар болгон жок.

Тажикстандын жергиликтүү бийлигинин маалыматына караганда, Вахдат шаарынын Нумон Розик айыл аймагындагы 20 кожолук убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар комитети Хатлон облусунда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел, жер көчкү жүрүү жана таш кулоо ыктымылдыгын эскертти. Ошондой эле Душанбе - Чанак унаа жолунда жана батыш райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин айтты.

Кыргызгидромет агенттиги да 21-марттан 24-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Нөшөрдөн улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. (AiA)

Дагы караңыз

БУУ жасалма интеллект боюнча резолюцияны кабыл алдыӨзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылдыКиевде "тынчтык формуласын" талкуулаган жыйын өттү