Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.
ЖЭБдеги кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген.
2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.
Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.
ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатышат.
Өткөн аптада жабыркаган кызматкерлердин бири дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. (BTo)
Дагы караңыз
Көлбаевдин "Данила" деген каймана аттуу айдоочусу кармалдыТИМ Шереметьеводо 30дай кыргызстандык кармалып турганын билдирдиОрусия: Кол салуудан кийин жоголгон кыздарга ДНК экспертиза дайындалдыБалыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктайтМурдагы бажычы Нурбек Айбашев алдамчылыкка айыпталып жатканы кабарланды БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы ок атышууну токтотууну талап кылдыКино ишмерлер пираттык жол менен тасма тараткандарга чара көрүүнү өтүндү“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Ураимов абактан жазасын өтөп чыкты