16-февралда Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозициялык саясатчы Алексей Навальный жана анын жесири Юлия Навальная немистердин «Маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн сыйлыгына» ("Freiheitspreis der Medien") татыды.
"Навальныйлар - өнүккөн, жаңы, эркин жана демократиялык Орусиянын жүзү. Алар - биздин замандагы каршылык көрсөтүүнүн, дүйнөнү өзгөртүү үчүн өмүрүн арноого даяр болгон баатырлар", - деп белгиледи сыйлыкты ыйгаруу тобу.
Сыйлык жыл сайын Германиянын экс-канцлери Людвиг Эрхарддын урматына уюштурулган форумда тапшырылат. 19-апрелде Бавариядагы Гмунд-на-Тегернзе шаарындагы салтанаттуу иш-чарага Юлия Навальная катышат.
Сыйлык сөз жана ой-пикир эркиндиги, диалог, демократияны жайылтууга чык ыкласы менен берилген коомдук ишмерлерге ыйгарылат. Аны 2023-жылы орус оппозициясынын тайманбаган өкүлү, атактуу шахматчы Гарри Каспаров алган. Ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана мурдагы советтик лидер Михаил Горбачевго да ыйгарылган.
Дагы караңыз
"Борбор Азия Кытай менен мамилесин бузгусу келбей, уйгурлар көйгөйүн көз жаздымда калтырды"Кыргыз ысымдарын жана тилдерди изилдеген Какен эжеАктивисттердин иши: Исаков үй камагына чыгып, Төрөкулова кайра камалдыБаку жана Москва Батыштын Арменияга жардамын сынга алды