Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Баку жана Москва Батыштын Арменияга жардамын сынга алды


Брюсселде 5-апрелде Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу өттү.

Евробиримдик менен АКШ Арменияга жалпысынан 356 миллион долларлык жардам берүүнү убада кылышты.

Кремль бул жолугушууну батыш өлкөлөрүнүн Түштүк Кавказды геосаясий тирешке сүйрөө аракети катары баалады. Расмий Баку Азербайжанды изоляциялоо аракети жүрүп жатканын билдирди.

Брюсселден Арменияга 270 миллион, АКШдан 65 миллион доллар

Евробиримдик менен АКШ экономиканы чыңдоо жана демократиялык реформалар үчүн Арменияга 300 миллион евродон ашык колдоо көрсөтөт. Мындай чечим 5-апрелде Брюсселде өткөн жолугушуудан кийин белгилүү болду.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйендин басма сөз жыйыны. Брюссель, 5-апрель, 2024-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйендин басма сөз жыйыны. Брюссель, 5-апрель, 2024-жыл.

Урусула фон дер Ляйен шаркет жакынкы төрт жылда Арменияга кичи жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 270 миллион евро колдоо көрсөтөрүн билдирди.

"Биз Армениянын экономикасын жана коомун соккуларга туруштук берүү үчүн инвестициялайбыз. Бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести колдоо, алардын өсүшүнө, инновацияларына жана жаңы рынокторго кирүүгө жардам беребиз".

Европа комиссиясынын президенти тараптар бул жолугушууну былтыр октябрда Гранадада макулдашканын эске салды. Ал жолугушуу Азербайжандын Тоолуу Карабакка чабуулунан кийин, Батыш анын кесепеттерин жумшартуу жолдорун издеп жаткан кезде болжолдонгон.

Урсула фон дер Ляйен мамилелердин өнүгүшү тууралуу айтып, Армениянын демократиялык реформаларын гана баалап тим болбостон, Орусияга каршы санкцияларга кошулуу кадамдарын да белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Арменияга 65 миллион доллардан ашык колдоо көрсөтүүнү пландаштырып жатканын билдирди:

"Биз 2023-финансылык жылдын бюджетинен 65 миллион доллардан ашык жардам берүүнү пландап жатабыз. Бул эки жыл мурункудан 50% көп", - деди Блинкен.

Анын айтымында, Вашингтон Армениянын мамлекеттик башкаруусуна жана экономикасына тиешелүү тармактарга инвестиция салат.

"Аймактык интеграция Армения үчүн өтө маанилүү",- деген Блинкен Ереван сунуштаган "Тынчтык жолу" долбоорун жогору баалай турганын, бирок Баку азырынча расмий жооп бере электигин баса белгиледи.

"Азербайжан менен мамилелерди нормалдаштырууну колдойбуз"

Армениянын президенти Никол Пашинян Никол Пашинян Армения реформаларды улантууга жана Батыш менен тыгыз байланышта болууга даяр экенин белгиледи. Ал Азербайжан менен болгон мамилени жөнгө салуу жөнүндө сөз кылып, фундаменталдык принциптерди, анын ичинде Алма-Ата декларациясын сактоо зарылдыгын белгиледи.

"Биз 1991-жылы түзүлгөн Алма-Ата декларациясына ылайык, бири-бирибиздин эгемендигибизди жана аймактык бүтүндүгүн өз ара таануунун негизинде Азербайжан менен мамилелерди жөнго салууну колдойбуз", - деди Пашинян.

Бир жарым саат жабык эшик артында өткөн жолугушууга чейин айрым булактар Брюсселде бурулуш болорун, Армения менен коопсуздук келишимине кол коюларын же биримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр башталарын айтканы менен, жетекчилердин билдирүүлөрүндө бул темаларга эч кандай комментарий берилбеди. Брюсселде жаңы келишим же анын мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз да болгон жок.

Politico басылмасы Евробиримдик Арменияга Орусиянын таасиринен кутулуу аракети үчүн жардам берүүгө макул болуп, аймакта чыңалуу күчөп турганда өлкөнүн экономикасын колдоп жатканын жазды.

Анткен менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Брюсселде өткөн үч тараптуу бул сүйлөшүүнү айыптады. Ал Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алып: "АКШ менен Евробиримдиктин лидерлери акыркы телефон сүйлөшүүлөрүндө бул жолугушуу бизге каршы эмес экенине ынандырууга аракет кылса да, анын Азербайжанга жана Түштүк Кавказдагы кызматташтыкка каршы экенин билебиз", - деди.

Алиевдин айтымында, жолугушуунун максаты – "ажыраган сызыктарды түзүү жана Азербайжанды изоляциялоо".

"Азаттыктын" армян кызматы АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Жеймс О'Брайендин Илхам Алиевдин билдирүүнө берген комментарийин жазды.

Жеймс О'Брайен анда "Азербайжанды бул жолугушуу боюнча бир нерсеге ынандыруу биздин милдетибиз деп эч качан эсептеген эмеспиз. Биз эмне кылууга ниеттенип жатканыбызды абдан ачык айттык жана биз айтканыбызды аткардык. Биз армян элинин тандоосун жана бардык аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн колдойбуз", - деди.

Кремль менен Анкаранын билдирүүсү

Кремль Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрү менен жума күнкү сүйлөшүүлөрүнө реакция кылып, Батышты жана Арменияны айыптады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр Батыштын Түштүк Кавказды Орусия менен "геосаясий тирешүүгө" тартуу аракетинин бир бөлүгү деп сыпаттады.

"Биз Ереванда Батыштын аны алдап, өлкөнү туура эмес жолго түшүшүнө жол бербөөгө чакырабыз, бул коопсуздук вакуумунун пайда болушуна, экономикада олуттуу көйгөйлөргө жана калктын сыртка карай агылуусуна алып келет. Брюсселде жарыяланган [ЕБ жана АКШ] гранттык колдоонун көлөмүн Армения Евразия экономикалык биримдиги жана КМШ алкагында ала турган миллиарддык пайда менен салыштырууга болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын тышкы саясий мекемесинин өкүлү Мария Захарова өткөн аптада ушундай эле дооматтарды айткан.

Брюсселдеги жолугушуудан кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда расмий Анкара Азербайжандын жыйынга катышпай калганын сынга алып, тараптарды калыс болууга чакырды.

"Бул демилге тынчтыкка кызмат кылуу ордуна, Түштүк Кавказдын геосаясий кагылышуу аймагына айланышына жол ачат".

Билдирүүдө Түркиянын бул багытта өз милдетин аткарууга ар дайым даяр экени баса белгиленип, мындан ары Азербайжан менен Армениянын ортосундагы туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонууну кубаттай турганы айтылат.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу сүйлөшүүлөр маал-маалы менен уюштурулуп турат.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтканы менен бирин бири бул процессти создуктурганы үчүн айыптап келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG