Жонсон Израил менен Украинага жардам маселеси ушул аптада караларын айтты

Майк Жонсон.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы ушул аптада Израилге, Украинага жана Кошмо Штаттардын башка да союздаштарына аскердик жардам көрсөтүү тууралуу бир нече мыйзам долбоорун талкуулап, добушка коёт. Бул тууралуу 15-апрелде палата спикери Майк Жонсон билдирди.

Жонсондун айтымында, мыйзам долбоорлорунда Израилдин коргонуусуна каражат бөлүү, Украинага аскердик жардамды каржылоо, Тайванга жана башка союздаштарга жардам көрсөтүү, Украинага буга чейин бөлүнгөн каражаттын кайсы бир бөлүгүн кайтарып алуу шарттары жана АКШда камакка алынган орусиялык мамлекеттик активдердин эсебинен Украинага жардам бөлүү тууралуу жазылган.

"Бизди бүт дүйнө карап, реакциябыз кандай болорун күтүп турганын билебиз. Террорчулар, тирандар жана Путин, Си, ирандыктар сыяктуу коркунучтуу лидерлер Америка өзүнүн союздаштарына колдоо көрсөтө алабы, өзүнүн дүйнөдөгү кызыкчылыктарын коргой алабы деп карап турушат", ­– деди Майк Жонсон.

Мыйзам долбоорлору былтыр күзүндө иштелип чыккан. Бирок Конгресстеги республикачылардын жана демократтардын талашынан улам бири да кабыл алына элек.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда "Украина. 2024-жыл" форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

Дагы караңыз

Мэрия оор жүк ташуучу машинелерге киргизилген чектөө тартибин өзгөрттүГрекияда Олимпиада оюндарынын оту жанды Барактын тургундары Кыргызстанга толук көчүп келди Президенттик администрация: "Соростун" жабылышын "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштыруу туура эмес