Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы кызматын сынга алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бонецкий лабораториясы (“Интелмед” ЖЧК) Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган деген жүйө менен 423 миллион сом айып салган токтомуна каршы сотко арызданарын билдирди. Лабораториянын тараткан билдирүүсүндө “бул чечим президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө жарлыгын одоно бузат” деп айтылат.

Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы компанияны мыйзамсыз текшерип, маалыматтарды атайын бурмалаган деп эсептейт.

“Айтмакчы, 2020-жылы пандемия башталганда, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, ага байланыштуу COVID-19 ПЧР-тесттери эл үчүн абадай керек болгонун эстен чыгарбоо керек. Ошол убакта биздин мамлекет жеке бизнеске кайрылып, COVID-19 ПЦР-тесттерин изилдеген кошумча лабораториялык кызматты тез арада уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өлкөнүн жетекчилигинин өтүнүчүнө биздин компания биринчилерден болуп реакция жасап, ошол учурдагы кыйынчылыктарга жана дүйнөдөгү көтөрүлгөн бааларга карабастан, өлкөгө жабдууларды, реагенттерди, беткаптарды жана башка керектүү материалдарды алып келген”, - деп айтылат маалыматта.

Бонецкий лабораториясы пандемия учурунда бир ПЧР-тесттин баасы 1 574 сом деп белгиленгенин, бардык жеке лабораториялардагы баалар министрлик бекиткен баа менен дээрлик бирдей болгонун кошумчалады. Ишкана бюджетке тиешелүү бардык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөп келе жатканын да белгилеген.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 16-апрелде Бонецкий лабораториясына (“Интелмед” ЖЧК) 423 миллион сом айып салынганын билдирген. Буга лаборатория COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланганда ПЧР-анализдин баасын көтөргөнү негиз болгону кабарланган.

Ушундан улам “Интелмед” компаниясы “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган деп табылып, ага айып салуу боюнча токтом кабыл алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда дагы 2,5 миң киши эвакуация болду, Токаев ири иш-чара уюштурууга тыюу салды Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болдуАзия чемпионаты: Раззак Бейшекеев күмүш медал алды16-апрель: Жоламан Шаршенбеков Азиянын чемпиону болду, Тажикстан түрк жарандарына виза киргиздиАзия чемпионаты: кыргызстандык эки балбан финалга чыктыЖонсон Израил менен Украинага жардам маселеси ушул аптада караларын айтты Грекияда Олимпиада оюндарынын оту жанды Мэрия оор жүк ташуучу машинелерге киргизилген чектөө тартибин өзгөрттү