Аба ырайынан улам Шаржа, Дубайга аба каттамдары токтотулду

БАЭ.

Бириккен Араб Эмираттарындагы аба ырайына байланыштуу Бишкектен Шаржа жана Дубайга аба каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек - Абу-Даби каттамы кармалып жатат. 16-апрелдеги каттам 17-апрелге жылдырылды.

Мунун алдында Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир катар шаарлардын жолдорун, айрым аба майдандарды суу каптаганы тартылган тасмалар жарыяланган.

"Америка авазы" радиосу шейшембидеги нөшөрлөгөн жаандан улам Оманда катуу сел жүрүп, мындан каза болгондордун саны 18ге жеткенин, дайынсыз болуп жаткандар бар экенин жазды.

Катаал аба ырайы жол кыймылын кыйындатып, бир катар аэропорттордун иши токтоп калган.

Мындай нөшөрлөгөн жаан Бахрейн, Катар жана Сауд Аравияда да жааган.

Дагы караңыз

Украина Черниговдо ракеталык чабуулдан жай тургундар каза болгонун билдирдиДепутат Акаев абактагы журналисттерди үй камагына чыгарууну сунуштадыПрокуратура Ататүрк паркына тиешелүү маселенин мыйзамдуулугун карап чыгатМинистр Ниязбековдун кармалган журналисттер боюнча маеги ЖКда сынга алынды