Кара-Көлдүн тургуну алты жашар кызы сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыкты

Балдарга сексуалдык зомбулукту токтотууга каршы акция. Бишкек.

Кара-Көл шаарынын тургуну алты жашар кызы кошунасынан сексуалдык ыдык көргөнүн айтып журналисттерге кайрылды. Ал "Азаттыкка" кошунасы кызына "эки ирет ыплас аракеттерди жасагандыктан милицияга арыз жазганын" 17-апрелде билдирди:

"Акыркы жолу кошунамдыкынан келген кызым 62 жаштагы киши сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айткандан кийин арыз жаздым. Алар Жалал-Абад шаарындагы соттук-медициналык экспертизага жиберишти. Дарыгерлер кызымды көрүп эле ага жыныстык зомбулук болгонун айтышты".

Наристенин энеси 11-апрелде ооруканага кайрылып, ошол эле күнү милицияга арыз жазганын кошумчалады.

"Азаттык" бул окуянын чоо-жайын тактап, Жалал-Абад облустук милициясына (ИИИБ) кайрылганда, мекеменин басма сөз кызматы маалыматты ырастады. Шектүү кармалганы тууралуу маалымат берүү менен чектелди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу тараптын арызын Кара-Көл шаардык милициясы бирдиктүү реестрге «Ыплас аракеттер» беренеси менен каттап, тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө жүргүзүлүп жатат.

15-апрелде Кара-Суу районунда 5 жашар кызды зордуктоого шек саналып 31 жаштагы киши кармалган. Анын жакындары, райондогу окуя болгон Отуз-Адыр айылынын тургундары шектүүгө оор жаза берүүнү, балдардын коопсуздугун коргоону бийликтен талап кылууда.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (TB)

Дагы караңыз

Былтыр 14 турак жай кооперативине кылмыш иши козголгонПрокуратура Ататүрк паркына тиешелүү маселенин мыйзамдуулугун карап чыгатОрусиядан бир жылда 180 миңдей кыргызстандык кайтты Украина Черниговдо ракеталык чабуулдан жай тургундар каза болгонун билдирдиДепутат Акаев абактагы журналисттерди үй камагына чыгарууну сунуштады