Матраимов менен Көлбаевдин бир нече мүлкү сатыкка коюлду

Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж

Мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылы Бишкекте атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен абакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду.

Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Рыскулова көчөсү 79б дарегинде жайгашкан коммерциялык имараттын баштапкы баасы 38 млн 601 миң сом деп бааланды. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы 800 чарчы метр жер тилкеси 6 млн 239 миң сомго, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук аймактан 39 миң 900 чарчы метр жер 142 млн 657 миң сомго сатыкка чыкты.

Аукционго коюлган мүлктүн толук тизмеси бул жерде.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Иран камакка алган кеменин экипажы коопсуздукта экени маалымдалды Жалал-Абад: Жаандан улам Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлдү Йеллен АКШ Иранга каршы жаңы санкция жарыялай турганын айттыОманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, БАЭде нөшөр жаандан кийин абал оорлодуКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңден аштыГрузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияда дагы 11 киши кармалды Бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталдыАба ырайы: күн ачык болот