Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Йеллен АКШ Иранга каршы жаңы санкция жарыялай турганын айтты


Жанет Йеллен.
Жанет Йеллен.

Кошмо Штаттар жакынкы арада Иранга Израилге кол салганы үчүн жаңы санкция жарыялашы ыктымал экенин 16-апрелде АКШнын каржы министри Жанет Йеллен эскертти. Анын айтымында, жаңы санкциялар Ирандын мунайды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кыскартууга багытталат:

“Дем алыш күндөрдөгү чабуулдардан тартып Кызыл деңиздеги хусилердин чабуулдарына чейин – мунун баары Ирандын аймактагы туруктуулукка коркунуч жараткан жана экономикалык кесепеттерге алып келиши ыктымал аракети. Биз ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган топ) басым көрсөтүү үчүн да экономикалык ыкмаларды колдонуп жатабыз. Санкциялар Газадагы гуманитардык жардамга тоскоолдук жаратпашы керек”.

Йеллен Иранга каршы жаңы санкция боюнча чечим «жакынкы күндөрү» кабыл алынарына үмүттөнөрүн айтты жана Кошмо Штаттар Ирандын мунай сатуу мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча чараларды буга чейин да көрүп келгенин кошумчалады.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулду, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүрдү. Ракеталардын бир нечеси гана Израилдин өзүнө жетип, түштүктөгү авиабазалардын бирине тийип, «анча олуттуу эмес» зыян келтиргени, жети жашар бир кыз жараат алганы кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG