Иминов менен Асылбек уулу Күрөш федерациясынын вице-президенттигинен кетти

Ахрор Иминов жана Дамирбек Асылбек уулу.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенттери Ахрор Иминов менен Дамирбек Асылбек уулу аталган кызматтарын өз ыктыяры менен тапшырып берди. Бул тууралуу федерациянын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат ал жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнүн билдирген.

Былтыр 16-ноябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту Ахрор Иминовду сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон. 30-декабрда анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, кайрадан камакка алган.

Быйыл апрелдин башындагы маалыматка караганда, Иминов июнга чейин камакта калган. АКИпресс маалымат агенттиги 17-апрелде сот аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотконун жазды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 2018-жылы "Уюшкан кылмыштуу топ түзүү" жана "Аткезчилик" беренелери менен Казакстанда 10 жылга соттолгон. Кийин Кыргызстанга экстрадицияланып, 2020-жылы августта түрмөдөн чыккан. Жогорку сот мурдагы депутатка мунапыс колдонулганын билдирген. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон. (ErN)

Дагы караңыз

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты Мадумаровдун адвокаты cаясатчы 26-апрелде абактан чыгарын билдирди Британияда 2 миллиондой киши коронавирустун узакка созулган белгилеринен жапа чегүүдө Европарламент Алсу Курмашева менен Эван Гершковичти “токтоосуз" коё берүүгө чакырдыАкылбек Жапаров "бийлик мафиянын лидерлерин жеңди" деп билдирди