Мадумаров камактан чыкты, мандаты алынды

Адахан Мадумаров тарапташтары менен. 26-апрель, 2024-жыл. Сүрөт "Кактус медиадан" алынды.

БШК тергөө абагынан чыккан Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратты. Жети айдан бери камакта отурган саясатчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге оогондо, түнкү саат 12ден кийин чыкты.

“Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча айыпталган Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Бир ай мурда Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган.

Мадумаровдун мандаты алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн 26-апрелде талкуулап, Мадумаровду мандатынан ажыратты.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы Мырзабек Таалайбеков Мадумаровго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендиктен, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу керектигин белгиледи.

Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Замира Байбагышева Мадумаров боюнча өкүм 26-апрелде күчүнө киргенин ырастап, саясатчынын адвокаттары жогорку инстанцияга даттанбаганын белгиледи.

Комиссиянын мүчөлөрү Мадумаров соттун өкүмүн 16-апрелде алганын белгилеп, “ал жогорку инстанцияга арыз жазса эмне болот?” деп сурашты. Прокуратуранын өкүлү камактагы соттолуучу өкүмдү алгандан 30 күнгө чейин сотко кайрылууга укугу бар экенин белгилеп, бирок өкүм чыккандан 30 күндөн кийин күчүнө кире турганын кошумчалады.

Мындан соң Мадумаровду мандаттан ажыраткан чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн баары бир добуштан колдоду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчы бул чечимге макул болбосо, сотко кайрылууга укугу бар экенин тактады.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечими чыкканына 30 күн болду.

Адахан Мадумаров лидерлик кылган Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясында алты мандат бар. Фракция өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялап, Мадумаров өзү бийликти сындап келген.

"Ак ийилбейт, сынбайт"

Түндө тергөө абагынан чыгып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чогулган тарапташтарына жолуккан Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна кыскача жооп берип, анын тегерегиндеги окуяларды мандатына байланыштырды:

"Мандат маселеси. Мына ушул иштердин баары мандат үчүн болуп жатат, көрүп жатасыңар да. Ошол үчүн гана болуп жатат. Башка маселе жок. Биз күрөшүп келгенбиз. Биз соңку демибиз калганча күрөшө беребиз".

26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган.

"Көптөн бери айтып келдик го, “ак ийилет, бирок сынбайт” деп. Мен биринчи күндөн эле айттым: “Ак ийилбейт дагы, сынбайт дагы”, - деп. Ар бир нерсе өзүнүн орду менен болушу керек. Сегиз айдан бери жасалып жактан кыймыл-аракеттин баары Кыргызстанды дүйнөгө маскара кылып бүттү. Кыргызстанда Конституция жок экендигин, мыйзамдар жок экендигин далилдеп койду", - деди Мадумаров 26-апрелде абактан чыккандан кийин.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Мыйзам боюнча райондук соттун чечими боюнча тараптар 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылышы керек. Эгер эч бир тарап кайрылбаса, ал күчүнө кирди деп эсептелет.

Мадумаровдун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган жок. Айыптоочу тарап да кайрылбаганы белгилүү болду.

Буга чейин анын адвокаттары Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазбай тургандыгын айтышкан. Мадумаровдун адвокаты Кубанычбек Туманов “шаардык сотко арыз берүүнүн мөөнөтү аяктап баратканын, прокуратура эле кийинки инстанцияга кайрылбаса, Адахан Мадумаровдун жактоочулары арызданбай” турганын айткан. Саясатчынын дагы бир адвокаты Юлия Богданова “анын ден соолугу начар" экенин, "адвокаттар шаардык сотко арыз жазбай" турганын билдирген.

Дагы караңыз Сот күнөөлүү деп таап, жаза чегербеди. Мадумаровдун иши, мандат маселеси

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган.

Саясатчынын эки кылмыш иши

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси. Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Башкы прокуратура чек арадагы протоколго байланыштуу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 2022-жылы февралда кайрылган. Парламент алгач муну четке кагат.

Көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү экинчи ирет 2023-жылы май айында ушул эле иш боюнча Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке келген. Мында ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси да кошулганы маалымдалган.

Депутаттык комиссия кайрадан изилдөө жүргүзүп, анын чечими менен парламент 22-июнда Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берет.

2023-жылы 2-сентябрда депутат Мадумаров кармалып, камакка алынат. Саясатчыга “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болот. Анын артынан партиянын бир нече мүчөлөрү кармалган.

2021-жылы сентябрда президент Садыр Жапаров мамлекет башчы катары өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек араны тактоого жолтоо болгон себептерди атап жатып, Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине токтолгон.

Ал так ушул тилке боюнча 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Мадумаров кол койгон протоколду расмий Дүйшөмбү бетке кармап жатканын билдирген. Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.

Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, "протокол жөн гана ниетти" түшүндүрөрүн жана "юридикалык күчкө ээ эмес" экенин айтып чыккан. Бирок ортодо чек ара боюнча документке байланыштуу Башкы прокуратурага сурак берип турган.

2022-жылы 17-январда президент Жапаров протоколго байланыштуу Мадумаровду кайрадан айыптаган:

“Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап: "Төрт-Көчө көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы", - дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат. Мен дароо эле: "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы", - дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Төрт-Көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!” – деген Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына берген маегинде.

Депутат Мадумаров “президент өзү тергөөчү, башкы прокурор, сот болуп алды” деп сындап, өз дарегине айтылган айыптоолорду төгүндөгөн. Ал мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Адахан Мадумаров суракка кирип-чыгып жаткан маалда “Азаттыктын” кабарчысына берген кыска интервьюсунда мындай деген болчу:

“Кеп ал протокол жөнүндө эмес, кеп Мадумаров жөнүндө болуп жатат. Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Депутат Балбак Түлөбаев “пандора жащигин ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкөнүн чеги кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-майда жана 2022-жылы сентябрда катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылы жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Адахан Мадумаровго соттун чечими чыкты. 26-март, 2024-жыл