1-майда кечке маал Бишкекте катуу шамал болот деп Аба ырайын аныктоо борбору билдирди. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-25 метрге жетет.
2-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 жылуу.
Суусамырда түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз +13…+18.
Талас облусунда +4…+9, күндүз +19…+24.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусутарында түн ичинде +5…+10, күндүз +20…+25 градус.
Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бийик тоолуу райондордо тун ичинде -6…-11, күндүз +1…+6.
Бишкек шаарында 2-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Аба табы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.
Дагы караңыз
UWW Айсулуу Тыныбекованы дүйнөдөгү мыкты балбан деп тапты Бишкекте абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынуудаИранда түрмөдөн абалы начарлаган окумуштуу аял бошотулдуБыйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйтКазакстанда сел каптаган абалды чагылдырган журналист жазаландыБолгарияда кумар оюндарынын жарнамасын чектеген мыйзам кабыл алындыБлинкен Израилге жана ХАМАСка согушту токтотууга "убакыт келгенин" айтты