"Өлүм жазасын киргизүүдөн мурда ага даярданыш керек"

Замирбек Базарбеков.

Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди. Мекеме мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталганын түшүндүрдү. Эми Конституциялык сот сунушталган мыйзамдын долбооруна өзүнүн корутундусун бериши керек. Ал качан жарыяланары так айтыла элек. Андан кийин гана документ Жогорку Кеңешке талкууга кетет.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары президенттик администрация даярдаган долбоорду талдап чыккандан кийин өлкөгө өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдиришкен. Өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдиргендердин басымдуу бөлүгү муну өлкөдө сот системасынын, сот адилеттигинин жана тергөөнүн чабалдыгы, көзөмөлдүн жетишсиздиги менен байланыштырууда. Бул багытта Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков "Азаттыкка" чакан маек курду.

- Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн билдирди. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстан ага азыр даяр эмес экенин айтып, өлкөдө сот системасы, сот адилеттиги жана тергөөнүн чабалдыгы, көзөмөлдүн жетишсиздиги менен байланыштырууда. Сиздин пикириңиз кандай?

- Менин жеке пикиримде, азыр бул жашыруун деле эмес, тергөө органы таптакыр талкаланып калгандай, абдан чабал. Муну элдин баары эле билет. Биздин мыйзамдарда көргөзүлгөн далилдерге баа берүү дегенди деле жакшы билбей, урдуруп жиберип жатышат. Сотторубуз, мен аларды жамандагым келбейт, өзүм деле ошол системада иштеп келбедимби, бирок, арасында алсызыраак судьялар бар. Ошондой кырдаалда керекпи дейм да. Убагында мен дагы керек деп ойлочумун. Себеби жаш балдарды, ымыркайларды, чоңдорду деле зордуктап акмакчылык болуп жатпайбы. Мыйзам керек өзү, бирок азыркы учурда ага даярдаш керек. Тергөө органдарына кимдер алып келет, баягы эле куураган ыкчам кызматкерлер алып келет да. Бардыгын тең даярдаса, анан мыйзамды күчөтсө туура болот. Анткени жанагыдай аңгилерге, кылмышкерлерге катуу чара колдонбосо болбойт. Бизди өлүм жазасын алдыртып койгон, бирок Америкада, Кытайда бар. Тартип деле керек.

- Мыйзамды катаалдатуу керек, бирок азыр эмес деген көз карашта экенсиз да?

- Ооба, сөзсүз түрдө даярдаш керек. Сапаттуу тергөө органы, сапаттуу судьялар зарыл. Мындан сырткары, мен муну мурда деле айтып жүргөм, азыр деле айтам, көзөмөл деген жакшы болуш керек. Прокуратура оозун ачып жүрүшү керек эмес, көзөмөл деген ошолордун мойнунда, кылмышы болсо дагы, болбосо дагы аралаштырып туруп, урдуруп жиберишет. Сотко өткөзөт дагы эптеп-септеп соттон өтүп кетсин дешет. Бул туура эмес.

Ошондуктан прокуратура дагы күчтөнүш керек. Убагында айтып жүрбөдүм беле, буга чейин "Азаттыкка" деле чыккам, соттук-укуктук реформа, жаңылануу деп. Муну сотко эле тиешелүү деп ойлоп калышчы. Бул бардыгына тиешелүү, ошол эле силер алып барып жаткан телерадиого тийиштүү. Ошондо жаңылануу болот, мүмкүн, алдыга жылабыз, антпесе болбойт. Мен сот жана тартип коргоо органдарынан сырткары прокурорлорду айтып жатам, көзөмөл кылыш керек. Конституция боюнча принцип бар, бардык мыйзамдардын аткарылышына прокуратура көзөмөл кылат деген. Алар деле тергөөгө, ыкчам жумуштарга кызыгат. Кызыксыңар го, көзөмөл деген абдан күчтүү орган болушу керек эле. Менин оюм ушундай.

- Сиз өзүңүз деле өлкөдөгү, айрыкча сотторго байланыштуу жаңылыктарга көз салып жатсаңыз керек. Жакында эле зордук-зомбулук көрсөткөн жарандын кылмыш ишин кыскартып койгон деген негизде мурдагы үч судья кармалды. Ушундай калпыстыктар кетип калат деген коркунуч барбы өлүм жазасын учурда кабыл алууда?

- Ооба, даярдаш керек. Мен деле алардын ишин уктум. Эгерде карасанатайлык менен ошол кадамды жасаган болсо, албетте, жооп бериш керек. Прокуратура өзү ошондой өтүнүч келтирсе, эми аны деле жоопко тартып жатышат, жабырлануучу тосмо арыз жазып коюптур, ушулардын баарын эске алыш керек.

Өзү азыркы жана мурдагы мыйзамда деле түздөн-түз карасанатайлык менен кылмыш кылса, жоопко тартса болот. Мен аларга болушкум дагы келбейт. Жактоочу дагы деп жатат. Мен адвокат дагы болуп иштегем. Соттук-укуктук реформа ошолорго дагы тийиштүү болмок. Шалдыр-кулдур этип, майда-чүйдө кызыл-тазылга кызып кетип жатат окшойт. Иши кылып соттук-укуктук реформаны жасабаса кыйын болот.

Бул оңой маселе эмес, бир-эки күндө же азыраак убакытта чечип коё турган иш эмес. Ал бардыгында тегиз жүрүүсү, мыйзамдуулук сакталышы керек. Сактабай, бири-бирибизден үйрөнүп кетип калсак, анда адамдын өмүрүнө балта чаап алабыз дагы, бармагыбызды чайнап, күнөөнү бири-бирибизге шылтайбыз.

- Сиз айтып жаткан соттук-укуктук реформа эмнеге толук ишке ашпай жатат?

- Мен айткандай, ага убакыт зарыл, бирок анткен менен ыкчамдык дагы керек. Антпесек болбойт. Белсенип киришиш керек, кирише албай калып жатат окшойбуз. Мен деле Жогорку соттун төрагасы болуп иштедим, өзүмдү кыйын санабайм, бирок абдан оор экенин көрдүм, түшүндүм. Реформа жасаш оюнчук эмес, буга көптөгөн эмгек, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук керек.

- Бул иштерди аткарууга жогорку бийлик башындагылардын колдоосу болдубу?

- Албетте, аны жашыра албайм. Азыр Сингапурду, Ли Куан Юну айтып жатпайлыбы. Анын китебин окуп чыктым, соттор тууралуу дагы жазганы бар экен. Эч нерсени карабай эле ал соттордун материалдык абалын көтөргөн. Бул туура деп ойлойм. Бирок аны көтөргөн менен оңолобузбу, бул башка маселе. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөшүү керек, соттор арасында дагы, укук коргоо органдарынын арасында иштеш керек. Мен иштеп турганда президент колдоду, биринчи эмгек маянасын көбөйтүп берди. Ошого карабай ыплас иштерди жасаса, анда аларга аёо жок.

Анан ротация кылганбыз, анткени бир жерден жылбай иштегендер тамырлашып, туугандашып кетет экен. Бул дагы колдоо тапты. Бирок иштин сапатына өтүш үчүн дагы бир нече критерийлер бар. Азыр эми эмне болуп жатканын билбейм. Албетте, реформада жаңылануу керек, жаңы адамдар, жаңы сезимдер менен ишке ашырат да.