Орусия Украинаны 700дөн ашуун дрон жана ракеталар менен аткылады

Киев облусуна жасалган чабуулдун кесепети. 6-декабрь, 2025-жыл.

6-декабрдын таңында Орусия Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул жасаганын украин Куралдуу күчтөрү жана маалымат каражаттары билдиришти.

Негизинен бутага энергетикалык объекттер алынды. Чабуулдан Киев, Львов облустарындагы энергетикалык объекттер жабыркаганы, Ровно шаарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды.

Киев облусундагы Фастов шаарында чабуулдан улам темир жол бекети кыйраганын Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Маалыматта үч адам жабыркаганы да айтылды.

Одессада "Шахед" дрондорунун чабуулунан энергетикалык объект жабыркаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Украин тараптын маалыматына ылайык, Орусия жалпысынан 700дөн ашуун дрон жана ракета менен аткылады. Анын 615и жок кылынды. 29 ракета - X-101, "Искандер-К", "Калибр" жана дагы бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы атып түшүрүлдү.

Москва 2022-жылдын февралынан бери Украинадагы мектептерге, ооруканага, турак жайларга жана башка жарандык объекттерге абадан сокку уруп келет. Чабуул боюнча далилдер арбын болгонуна карабай жарандык инфраструктураны бутага алганын четке кагат.

Дагы караңыз

Зергерчиликке, тигүү тармагына, автоунаа сатууга жеңилдик берген жарлыкка кол коюлдуАйрым шайлоо тилкелериндеги жыйынтык жокко чыгарылуудаШайлоо-2025: Талаштуу видео, талапкерлердин арыздануусу жана бийликтин эскертүүсү Пенсиясын чогултуп, шайлоого аттанган ардагер"Москванын көчөлөрүн анда өзүңөр шыпыргыла". Мэр мигранттар жайнады деген сынга жооп берди