Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө: Төө-Ашуу менен Өтмөктө алынды, Долондо сакталууда

Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу. Архивдик сүрөт.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү кум-туз аралашмасын сээп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

9-декабрь, саат 09:30га карата Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо иштери уланууда. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат.

Мунун алдында "Кыргызгидромет" кызматы аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кан жолдордо кар жаап, көчкү, күрткү жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин билдирген. Ошондой эле жарандарды шашылыш, зарыл иши болбосо жолго чыкпай турууга чакырган. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте негизги көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушу шаардык кеңешке түштүБоршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жокОн айда 18 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыУлуттук банк президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия берди