Кыргызстанда быйылкы жылдын 10 айында (январь айынан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 миң 254 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын алгачкы 10 айына салыштырганда (2024-жыл 14 миң 293 факты катталган) 27,7% же 3961 фактыга көп.
Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 4 334 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1540 адам коомдук ишке тартылып, 2090 киши камакка алынган.
Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен 28, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 34, “Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен 18, “Уруп-согуп кыйноо” беренеси боюнча 25 кылмыш иши козголгон.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
Акыйкатчынын маалыматына караганда, өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 30% көбөйүүдө. Аялга жана балага зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушу Кыргызстанда быйыл Айсулуу Мукашеванын окуясынан кийин талкууланууда. Мындай эң катаал жазаны киргизүүгө каршы пикирин билдирген укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды ачууну, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге жасаганына жараша оор жаза берүүнү жана башка чараларды сунуштоодо. (BTo)