Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу” (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылдагы редакциясы боюнча) жана “Бийликтен аша чабуу” (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы редакциясы боюнча) беренелери менен күнөөлүү деп табылды. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде жаза берген жок.
Сот Элвира Жаркееваны “Коррупция” беренеси менен (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы боюнча) күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркиндигинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынды.
Сот бул иш боюнча айып коюлган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Мамановго да өкүм чыгарды. Ал “Алдамчылык” беренеси менен акталып, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.
Сот аны “Коррупция” беренеси менен (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы боюнча) айыптуу деп таап, сегиз жылга абакка кести. Эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.
Ишкер Рустам Воинов “Алдамчылык” беренеси боюнча акталды. Ал да “Коррупция” беренеси менен (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы боюнча) күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.
Андан тышкары бул иш боюнча мурдагы судья Элвира Жаркееванын жардамчысына (А.М.Г.) да өкүм чыкты. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен күнөөсүз деп тапты. “Коррупция” беренеси менен (ред: Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы боюнча) айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.
Башкы прокуратура Элвира Жаркеевага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз чечим чыгарган” деген айыптарды койгон.
Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылдын 15-августунда ал көп суммада акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган. Башкы көзөмөл органы ошол доо арызды жазган кытайлык жарандын өзүнө каршы мурда Кыргызстанда “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, издөөдө жүргөнүн билдирген.
Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воиновго кытай ишкерлери менен жер талашка байланыштуу айып тагылган. (BTo)