"Ур-токмоктон кулагым жанчылып, укпай калдым". Зомбулукка кабылган Жаңылай

Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Дүйнөдө аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы БУУнун соңку баяндамасында айтылды. Анда өткөн жылы дүйнөдө 83 миң аял киши колдуу болгону, анын 60 пайызга чукулу жакындарынын колунан ажал тапканы көрсөтүлгөн. Өз үй, өлөң төшөгү кыз-келиндер үчүн эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.

Баяндамада дүйнөнүн бардык бөлүгүндө көзөмөл, коркутуу, куугунтуктоо менен коштолгон зомбулук токтобой жатканы айтылды. Мындай көйгөй Кыргызстанда да курч бойдон калууда. Быйыл он айда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан дээрлик 28% көп. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон зомбулук фактылары катталууда.

50 жаштагы Жаңылай үй-бүлө курган 20 жылда башынан өткөргөн кордукту айтып берүүгө араң макул болду. Кыргыз коомунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту аялдар көп сыртка чыгара беришпейт. Маңдайымда олтурган Жаңылай "Күйөөм муштап жиберип, ошондон кийин кулагым ооруп жүрүп укпай калды, катуураак сүйлөсөңүз" деди мага.

"Ызы-чуу менен эле жашадым да. Өмүрүм качып жүрүп эле өттү. Кичине тынчып калабыз, арасында ызы-чуулар болуп турат, чыдабай калганда качканга туура келет. Башы жок, аягы жок 19 жыл өттү. Канча жолу чыдайсың, болбой калганда анан качасың да. Мас кезинде дейин десең, соо учурунда деле ошол мамиле болчу. Кар жаап жатабы, жамгырбы, кышпы, жазбы, түн жарымыбы, эч айырмасы жок эле. Түн жарымда башталып, уруш менен таң атчу. Ошол менен эле бүтүп калса гана, 1-2 күн, жумага созулуп кетет. Ар бир нерсеге жини келип, урушка шылтоо издей берет. Жаш кезде чыдап, өтүп кетет деп жүрө берет экенсиң. Акыры чыдабай, кулагым шуулдап, калчылдап калчу болдум", - деди ал.

Жаңылайдын айтымында, үйдөгү урушка кызганыч себеп болгон:

"Өзүнүн бир фантазиясы бар, муну кызганыч деп деле айтпайт элем, бул оорукчан адам да. Себеби канча жолу далилдегенге аракет кылдым. Ар кимди мага жабыштыра берет, кошуналарды, баарын эле жабыштыра берет. Бул аялзаты үчүн абдан кемсинтүү экен. Өзү бир образ түзүп алып эле "сен ушундайсың" деп моюнуңа койо берет. Бир күнү дагы ур-токмоктон кийин кетип калгам, ошондо ата-энемдин алдынан өтүп, кечирим сурап алып келген. Үч күндөн кийин кайра эле ошол жерден башталып жатат. Майда-чүйдө нерседен уруш чыгып эле, башка, кызганган жагына өтүп, мени жанчыды. Ашканабызда үстөл бар, асты темир, үстү айнек. Ушундай тепти, топ секиргендей ыргып барып үстөлгө тийип, кайра өзүмө келип аттым да. Сол кулак тарабым эзилип эле калган. Ушундай зомбулуктарды көрдүм да... Ошондо биринчи жолу милицияга арыз жаздым. Андан кийин кайра эле үйрөнгөн адаты калган жок. Балдарым үчүн тосмо арыз жазып бергем. Далай жолу балдарым үчүн деп кечирип койо бергендин кесепетин тартып жатам", - деп кулагын мен тарапка бурду.

Бул Жаңылайдын экинчи турмушу экен. Биринчи күйөөсү, айтымында, студент кезде ала качып кеткен:

"Ал кезде жаш дагы болуптурмун. Менин окуп жатканыма ал маани берип, олуттуу караган жок. Турмушка чыккандан кийин эле "болду, окубайсың" деп койду. Ошондо бир жүрөгүм ооруп, катуу көңүлүм калды. Турмушка чыккандан кийин ал мага чейин эки жолу үйлөнгөнүн билдим. Менин кызыкчылыгымды такыр баалаган жок. Ошондо менин теңим жок экен деп катуу сынгам. Бизде көп эркектер үйлөнгөндөн кийин менчигиндей эле, өздөрү каалагандай мамиле кылат экен, чыдайсың деп эле койот экен. Турмушка чыкпайм такыр дегем, бирок төрт жылдан кийин өзүмдөн улуураак адам менен баш коштум. Ал деле ошондой мамиле кылды. Көп эле жолу зомбулук болду, жөн жерден качпайсың да. Сабайт, анда дагы аял киши дебестен өзүнүн атаандашы катары башка-көзгө койгулап сабайт. Андай күндү далай көрдүм да. Эгер ичип алса эч нерсеге баш берчү эмес".

Дүйнөдө Жаңылай сыяктуу жакындарынын зомбулугун көргөн аялдар саны жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында айтылды.

2024-жылы 83 миң кыз-келин зомбулуктан ажал тапса, алардын 60 пайызы жакындарынын колунан өлгөнү аныкталган. Бул ар бир 10 мүнөт сайын дүйнөдө бир аял каза болот дегенди билдирет.

"Аялдарды өлтүрүү жөн эле боло бербейт. Алар көбүнчө көзөмөлдөө, коркутуу жана куугунтуктоо менен, анын ичинде интернет аркылуу башталган зордук-зомбулуктун акыркы жеткен чегине айланат. Ар бир кыз-келин коопсуз жашоого укуктуу. Фемицидди жок кылуу үчүн өз убагында чара көрүп, мыйзамдарды иштетиш керек", - деди БУУнун Аялдар уюмунун саясат, программа жана өкмөттөр аралык мамилелер боюнча директору Сара Хендрикс.

БУУнун баяндамасында 840 млн аял жакындарынын сексуалдык зомбулугуна дуушар болору, кыз-келиндер үчүн "өз үй, өлөң төшөгү" эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.

Биздин каарман экөөбүз сүйлөшүп отурган кыска убакыттын ичинде эле күйөөсү токмоктогон кеминде он окуяны үнү калтырап айтып берди:

"Кош бойлуу экениме карабай мени жулмалап, нары-бери сүйрөп баштады. Эптеп күйөөмдүн колунан бошонуп качып кетсем деп арга издей баштадым. Анын колунан кутулуш мүмкүн эмес эле. Ошол учурда жарык өчүп калды. Чиедей эки баламды алып бут кийимибиз жок качып чыктык үйдөн. Балдарымды алып жолдун боюнда арча, карагайлардын арасында жашынып отурдук. Орозо учуру эле. Жол боюнда бир таксистке кайрылып, вокзалга жеткирип коюусун суранып, төркүнүмө качтым. Ушундай күндөр далай эле болду, кар жаайбы, таш жаайбы, түнү менен уруш-талаш, ушундай күн көрдүм да. Үйгө келгенден коркуп жашачумун. Мен эмес балам "үйдүн туткасын кармагандан, апам дагы бир бурчта ыйлап отурат бекен, атам баягыдай дүңкүлдөп жүрөт бекен деп корком" дейт. Ошентип ызы-чуу боло бергенде үйдүн куту дагы кетет экен. Өзүңдүн үйүңдө уруш-талаш болгондо бекинип кала турган жерлерди дагы даярдап койосуң, менин ошондой жашыруун жерлерим бар болчу. Мени уккандар күлбөй эле койсун, көп эле аялдар ошентип жашайт. Түнү менен ыйлап, уйку көрбөй, күндүз бетин жууп, жакшына кийинип сыр бербей жумушка кеткен же ыйлап-сыктап кайненесинин айтканын кылып, турмушун уланткан аялдар өтө көп. Үй-жай, бала деп, аялдардын алсыз жери ушул экен да, байланып кала берет экенбиз".

Жаңылай күйөөсүнүн огунан каза болгон Айзирек Эралиева тууралуу да айтып, маркум келинди өзүнө окшоштурду:

"Айзиректин окуясында дароо эле меникиндей эле оорулуу менен жашаган деп ойлодум. Кесепети ошого алып келди. Ошол нерсени далай жашап жүргөн ал дагы. Анткени менде деле дал ошондой болгон, 10 жылдыкка жолдошум чогуу барып, аягында ызы-чуу чыгарган. Айзиректи жүрөгүм менен сезип турдум да... Анан кайра Айзиректи күнөөлөгөн комментарийлерди окуп социалдык тармактарда ушундай күйүп кеттим".

Дагы караңыз

Айзиректин иши: Маркумдун жакындары бийликке кайрылды

Ушундай уйкусуз, ыры-чыры аралаш, ый коштогон күндөр Жаңылайды 20жыл чогуу жашаган жолдошу менен ажырашууга, үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

Кыргызстанда акыркы жылдары кыз-келиндерге карата үрөй учурган кылмыштардын бир нечеси ачыкка чыгып, бул көйгөй канчалык курч экенин көрсөттү. Расмийлердин кайра-кайра жасаган кайрылууларына улай динаятчылар дагы бул жаатта түшүндүрүү иштерин жайылта баштады.

Өткөн айда Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров коомчулукка кайрылып, эркектерди аялзатка урмат-сый көрсөтүүгө чакырган. Кыз-келиндерге кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар болуп жатканын “трагедия, намысты тебелөө, коомду кыйратуу” деп баалаган.

Буга чейин өлкөнүн акыйкатчысы Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырган.

Аталган мекеменин жетекчи орун басары Айчүрөк Назаралиева үйүндө ур-токмокко кабылган кыз-келиндер убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлордун санын көбөйтүү зарылдыгын белгилөөдө:

Айчүрөк Назаралиева

"Оболу калктын, өзгөчө бала кезинен эле маалымдуулугун, укуктук сабатын өстүрүп, кандай учурлар зомбулук, зордукка кире турганын үйрөтүшүбүз керек. Экинчиден, жабыркаган тарапка психологиялык жардам бергенди унутуп калабыз, көп учурда тергөө иштери менен алек болуп кетебиз. Эгер адам туура чечим кабыл ала албаса, ошого шарт түзбөсө, айрым учурда жакшы иштерге алып барбайт. Ошондуктан психологиялык жактан турукташтыруу керек. Балдар болобу, аялдар болобу, ал сөзсүз жардам алуу аркылуу гана келет. Бул иштер кризистик борборлордо жүргүзүлгөндүктөн алардын санын көбөйтүш керек экенин дайыма белгилеп келебиз. Зордук-зомбулук улам өсүп жатат, ал эми кризистик борборлордун саны 18 бойдон гана турат. Жабыркаган адамдын психологиялык абалын турукташтырууга мезгил керек, бул абалда ал өз үйүндө, кордук көргөн жерде боло албайт. Үй аларга кооптуу болуп эсептелет. Ошондуктан кризистик борборлордо убактылуу жашап турган учурда ойлонуп, кийинки турмушун кантип алып кете турганы боюнча чечим чыгара алат. Бул багытта 17 мамлекеттик орган иштейт. Бирок алар өз ара комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзбөй, бири-биринин иши тууралуу маалыматы болбой, өз алдынча иштеген үчүн чаржайыт аракеттер болууда".

Кыргызстанда быйылкы жылдын он айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 254 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул айына салыштырганда 27,7% же 3961 учурга көп.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 4 334 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1540 адам коомдук ишке тартылып, 2090 киши камакка алынган.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен 28, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 34, “Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен 18, “Уруп-согуп кыйноо” беренеси боюнча 25 кылмыш иши козголгон.

Зомбулуктан жабыркагандар арасында майып адамдар, кыздар, жашы жете элек кыздар, балдар бар.