Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:40

"Кайдыгерлик азабын аялдар менен балдар тартууда"


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Юрист, укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору болуп шайланды. Анын 26 жылдык тарыхы бар бейөкмөт уюмуна жетекчи болуп келиши Кыргызстанда "чет элдик агент" мыйзамы кабыл алынган учурга туура келди.

Атыр Абдрахматова бул жагдайда укук коргоо жаатында иш алып баруунун оош-кыйышы, өлкөдө жарандардын укугунун корголушу, мамлекеттин салымы тууралуу кеп курду.

- Атыр айым, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишке бел байладыңыз. Укугу тебеленген, зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндердин көз жашын сүртүп, бала-чакасы менен кошо башпаанек берип, калкалаган, психологиялык жана башка жардам берген "Сезим" кризистик борборуна сиз жетекчи болуп келишиңизди коомчулук "аялуу катмардын укугу корголот экен" деген ишеним, үмүт менен кабыл алгансыды. Борборду жетектеп, ишин алып кетүүдө өзүңүздө кандай максат, пландарыңыз бар?

- "Сезим" кризистик борбору Кыргызстанда эң алгачкылардан болуп ачылып, кыз-келиндердин, балдардын укугун 26 жылдан бери коргоп келе жаткан бейөкмөт уюм. Борборду Бүбүсара Рыскулова түптөп, 26 жыл бою жетектеп келди. Мамлекет тарабынан каржыланбайт, түрдүү эл аралык, чет элдик донор уюмдарга долбоор жазып, айрым учурда меценаттардан жардам алып, укугу тебеленген кыз-келиндерге юридикалык, психологиялык гана эмес, моралдык да колдоо көрсөтүп келет. Уюмдун жетекчилигине атайын сынак жарыяланган экен, ага катышып, үч айлампадан өтүп, жетекчи болуп шайландым.

Мен эмнеге бул сынакка катыштым? Жыйырма жылдан бери юрист, укук коргоочу болуп иштедим. Элге таанылган сайын улам жардам сурап кайрылган жарандар көбөйүүдө. Өзүмдүн табиятымда да жардам сураган адамды жоопсуз калтырбоону милдет катары санайм, кыйналган адамга мээрмандык кылып жардам берүүнү парз катары кабыл алам. Көбүнчө ыктыярдуу түрдө, акы албай жардам берип келебиз.

Бирок жалгыз иштөө оор. Мыйзамдарды билип турсаң да, айрым учурларда түрдүү себептер менен жардам бере албай каласың. Ошондуктан, "Сезим" кризистик борборунун жетекчилигине сынак жүрүп жатканын көргөндө "өзүнүн күчтүү командасы бар, бул уюм менен биргеликте натыйжалуу иш алып барууга мүмкүн" деген жүйө менен сынакка катыштым.

Уюмдун 2029-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы бар, ошонун негизинде иш жүргүзөбүз. Экинчиден, менин максатым - Кыргызстанда, өзгөчө аймактарда кризистик борборлордун санын көбөйтүү. Сиз билесиз, өлкө боюнча мамлекет тарабынан каржыланган бир-эки эле кризистик борбор бар. Калган 7-8и бейөкмөт уюм. Бирок бул жетишсиз, анткени элетте, аймактарда зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер көп. "Азаттык" өзү деле жазып чыкты: Баткенде зомбулукка чыдабай жанын кыйган келиндер көбөйдү.

Тилекке каршы биздин укук коргоо органдары бул окуялардын себебин иликтеп, аягына чыккан жок. "Өлгөндүн өз шору" деп эле көмүлүп, унутулуп кала берүүдө. Мына ушундай кайгылуу окуяларды алдын алып, болтурбоо же азайтуу биздин милдет. Бул жаатта биз мамлекет менен кызматташып, иштесек деген пландарыбыз бар.

- Адам укугун коргоодо мамлекет менен кызматташабыз дедиңиз. Бир ай мурда Кыргызстанда "чет элдик өкүл" деген мыйзам кабыл алынып, ал негизинен жарандык коомду - бейөкмөт уюмдарды бутага алып турган чакта, мамлекет менен кызматташып иштөө канчалык жемишин берет деп ишене аласыз?

- Тилекке каршы, бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент, башка элдердин баалуулуктарын кыргыздарга таңуулап жатат" деген саясатчылардын аракеттери ийгиликтүү ишке ашып жатканын көрүп атабыз. Бирок бейөкмөт уюмдар кылган иштерди мамлекет өзү жеткиликтүү кыла албайт. Мисалы, биздин жетекчилерибиз же саясатчыларыбыз деле баары бир кылка жакшы иштеп, же тескерисинче баары эле начар иштеп жаткан жок да, ошол сыяктуу эле бейөкмөт уюмдарды да бир жактуу эле жамандап, ишине бут тосуу аракети көрүлүп жатканы өкүнүчтүү. Мыйзам эми иштей баштады, залакасы тиет албетте. Канчалык деңгээлде тиет, аны көрөбүз. Мамлекет өзү бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүк, шериктештик принципте иштешеби же карама-каршы коюп, бир тарапты жаманатты кылуу менен кагылыштырып, кыскартууга алып келип, жоюп салабы? Бул да белгисиз. Анткени кош стандарттуу мамиле болууда, социалдык көйгөйлөр болгон учурда, жарандар укугу бузулса, акысыз юридикалык жардам, психологиялык жардам алуу үчүн бейөкмөт уюмдарга кайрылышат. Азыркы мыйзамды саясатчылар кабыл алышты, бирок негизги чечимди эл кабыл алат - "чет элдик агент" деп санаса, эл бейөкмөт уюмдарга барбашы керек. Жок, мурдагыдай эле таяныч, колдоо издеп, жардам сурап, башпаанек издеп бара берсе, демек, бейөкмөт уюмдар коомубузга керек.

- Сиз акыйкатчы болуп турганыңызда деле Кыргызстанда адам укугу канчалык деңгээлде корголорун тереңирээк билдиңиз. Бизде укук коргойт делген органдардын кайдыгерлигинен укугу корголбогон же анда иштеген кызматкерлерден укугу тебеленген жарандар айласы кеткенде бейөкмөт уюмдарга, маалымат каражаттарына, блогерлерге кайрылышат.

- Акыйкатчылыкка чейин деле, укук коргоочу катары эмес, тилекке каршы, аял, эне катары деле теңсиздикти сезип, көрүп эле келем. Бул Кыргызстанда дээрлик ар бир тармактагы көйгөй. Укук коргоо органдары дагы деле кайдыгер. Кайдыгерликтен улам балдар, аялдар дагы деле зомбулуктун курмандыгы болуп келет.

Акыркы эле окуяларды алалы: үч балалуу Рахима деген келинди мурдагы күйөөсү өлтүрүп койду, Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салды, экөө тең ага чейин эле милицияга кайрылышкан, бирок укуктары корголдубу? Дагы бир келинди журналисттердин көзүнчө кайнатасы кол көтөргөнүнө карабай, милиция жоопкерчиликке тартууга аракет кылган жок. Бул ачыкка чыкканы гана, чыкпагандары канча?

Тилекке каршы, Кыргызстан Борбор Азияда адам укугун коргоочу мыйзамдар аябай мыкты жазылган алдыңкы мамлекет болсо, аткарылышы жагынан эң артта калган мамлекет. Бул факт. Эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан акыркы үч жыл катары менен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылып жатканы да жөн жеринен эмес.


Кайдыгерлик жоопкерчиликтин жоктугунан чыгып жатат. Ошондуктан, зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргобогон, учурунда чара милиция, прокуратура жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүп, алардын коррупциялык иш-аракеттерине укуктук баа берилиши керек.

Тилекке каршы, бизде мындай кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып, сотко чейин жеткен күндө да соттор алардын жазасын жумшартып, актап жиберип жатат. Мына, жакында эле Бишкектин Биринчи май районук соту уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иште шалаакылыкка айыпталган Бишкек милициясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевди актап салды. Айзаданын окуясы дагы деле ар бирибиздин эсибизде. Мындай чечимдер чыгып жаткан кезде кантип биз өзүбүздүн мамлекеттик укук коргоо органдарына ишенебиз?

Мында чоң милдет - мамлекет башчыларында, алар кайдыгерликтен алыстап, аялдардын, балдардын зомбулукка кабылышына, өлүмүнө алып келген окуяларга катуу реакция жасап, аны жасаган, же жаап-жашырган, күнөөлүү тарапты актап, жабырлануучу тарапты жоопкер кылган милиция, прокуратура кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүшү керек. Казакстанда ушундай аракеттер башталды, коомчулук, мамлекеттик жетекчилердин көзөмөлү менен, аялын өлтүргөн экс-министр Бишимбаевди 24 жылга абакка кесилди. Бизде да ушундай жоопкерчиликтүү мамиле керек!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG