Консот өлүм жазасы боюнча сунушту кароого киришти
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандын Конституциялык соту Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушун карай баштады. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары өлүм жазасын кайтаруу эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин эскертүүдө. Президенттик администрация сунуштаган мыйзам долбоору аялдар жана балдарга каршы оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүнү камтыйт. Эми Конституциялык сот бул боюнча өз бүтүмүн жарыялашы керек.