Зордуктоого байланыштуу иш: эне акыйкаттык издөөдө
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Караколдун тургуну майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сот ишине нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылды. Бул иш Каракол шаардык сотунда каралууда. Прокуратура шектүүгө 15 жыл сураган. Бирок кыздын апасы "бул ишке башкалардын дагы тиешеси болушу мүмкүн" деп жатат.