Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Конституциялык соттун өлүм жазасын киргизүүгө каршы чыгарган чечимин колдоду.
Министрлик Кыргызстан кошулган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколу өлүм жазасын толугу менен жана биротоло жокко чыгара турганын, аны денонсация кылуу механизми жок экенин билдирди. Мекеме өлкө бул протоколго кошулуу менен эч бир жагдайда өлүм жазасын кайра киргизүүгө кайтып келбөө үчүн түбөлүк милдеттенме алганын эскертти.
ТИМ Кыргызстан өлүм жазасын кайтарса эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибин буза турганын кошумчалады.
“Кыргызстан укуктук мамлекет катары бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет. Ошол эле учурда, бул милдеттенмелердин алкагында балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү үчүн улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши улантылат”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Конституциялык сот 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунушун карап, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келген.
27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, кийин ал Конституциялык соттун кароосуна түшкөн.
1998-жылы өлкөдө өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (BTo)