ИИМдин Күзөт кызматынын башкармалык башчысы пара алууга шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматындагы башкармалыктардын биринин башчысы коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 10-декабрда кармалган А.Т.А. кол астындагы кызматкерлерден дайым пара алып жүргөн деп шектелип жатат.

“Тактап айтканда, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган. Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган”, - деп жазылган маалыматта.

ИИМ жетекчи кызматкери кармалганы тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 300 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирген. Ал мамлекеттик кызматкерлер коррупциядан айбыгып калганын айткан.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Дагы караңыз

Кыргызстан Мисирге элчилигин ачатУкраина Новороссийк портунда орусиялык суу астынан жүрүүчү кемеге сокку урганын билдирдиЕвропа Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча планын жарыяладыБерлин: Украина - АКШ делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады